Жаңылыктар

22.09.2022 (Обновлено: 03.10.2022 11:48)

Арзыбек Кожошев Россиянын энергиянын калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын пайдалуу деп эсептейт

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө энергиянын калабына келүүчү булактарынын потенциалын өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бул багытта Россия Федерациясынын тажрыйбасы жана иштеп чыгуулары абдан пайдалуу. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 22-сентябрда билдирди. 

ЕЭК министри Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасында өткөн "Россиянын Арктикалык зонасында, ошондой эле Ыраакы Түндүккө теңештирилген аймактарда шамал энергетикасын мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын мыйзамдык жактан камсыз кылуу" темасы боюнча тегерек столдун ишине катышты. 

Тегерек столдо жашыл энергетиканы колдоо боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу, анын ичинде Арктиканын жана Ыраакы Түндүктүн экстремалдык шарттарында шамал энергетикалык орнотмолорун (ШЭО) өндүрүү жана жайгаштыруу маселелери, ШЭО жардамы менен компаниялардын электр энергиясын иштеп чыгууга болгон керектөөлөрүн аныктоо механизмдери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында Арзыбек Кожошевдин Мамлекеттик Думанын "Справедливая Россия - За Правду" ("Адилет Россия - Чындык үчүн") социалисттик саясий партиясынын фракциясынын жетекчиси Сергей Миронов, ошондой эле Мамлекеттик Думанын Төрагасынын орун басары Александр Бабаков менен ишкердик таанышуусу болуп өттү. Мындан аркы кызматташтык жөнүндө макулдашуу аткарылды.