Жаңылыктар

18.01.2024

Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен жолугушту

Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар 2024-2026-жылдарга координацияланган транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун талкуулашты.

Ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин 2024-2026-жылдарга макулдашылган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарынын жана этаптарынын учурдагы статусу жана келечеги каралды. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылга карата транспорт жана логистика тармагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пландарды сөз кылышты.

Инфраструктуралык долбоорлорду, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана аларды эл аралык тутумга киргизүү боюнча пикир алмашуу болду.

Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишинин оң натыйжаларын, Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Комиссиянын ишине кошкон олуттуу салымын белгилеп өттү.

Маалымат

2024-2026-жылдарга ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин макулдашылган транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарынын жана этаптарынын жол картасы – аба транспортунун, кеме жүргүзүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн либералдаштыруу, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана аларды эл аралык тутумга киргизүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, евразиялык транспорттук коридорлордун экосистемасын түзүү, транспорттук ишмердүүлүктү санариптештирүү жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча иш-чараларды камтыган документ. Документти 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында кабыл алуу пландаштырылууда.