Жаңылыктар

03.09.2025

Айдай Карагулова ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Карагулова Айдай Нурдиновна 1979-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2000-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "Экономика" адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясынын "Мамлекеттик саясат жана башкаруу" багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолун 2000-жылы Кыргыз Республикасынын салык кызматында баштаган, ал жакта 2013-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеген. 2013-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каржы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти кызматын ээлеген.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, бул кызматта 2021-жылга чейин иштеген.

2022-жылдан 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт, андан кийин Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча сектор башчысы болуп иштеген.

Бир катар өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктарга ээ.

2025-жылдын 14-августунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.