Жаңылыктар

21.10.2022 (Обновлено: 28.10.2022 14:30)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси Египеттеги россиялык өнөр жай аймагынын артыкчылыктарын пайдалана алат

Евразия экономикалык бирлигинин кызыкдар өлкөлөрүнүн компаниялары Египет Араб Республикасындагы Россиянын өнөр жай аймагына россиялык бизнес менен бирдей шарттарда, анын ичинде түзүлүп жаткан инфраструктурага жана башка иштөө шарттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары Евразия экономикалык комиссиясынын катышуусу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бийлик органдары жана компаниялары үчүн презентация өткөрөт жана өнөр жай аймагындагы иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат беришет. Тийиштүү буйрук 21-октябрда Ереванда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде кабыл алынган.

«Экспортту өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды колдонуу ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган. Мындан тышкары, 2025-жылга чейинки Стратегияда чет өлкөлүк экспорттук инфраструктураны биргелешип пайдаланууну кеңейтүү каралган”, - деп белгиледи ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев.

Анын айтымында, Бирликтин компанияларынын Египеттеги өнөр жай аймагынын ишмердүүлүгүнө катышуусу ЕАЭБ продукцияларынын рынокторун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Кеп Египет Араб Республикасынын аймагы жөнүндө гана эмес, өнөр жай аймагынан алынган продукция салыктык төлөмдөрсүз жеткириле турган бүткүл африкалык регион тууралуу болуп жатат.

«Мындан тышкары, Бирликтин ишканаларынын ортосундагы кызматташтык өнүгөт, ал Евразия экономикалык бирликтин алкагындагы артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө да салым кошот», - деп кошумчалады Андрей Слепнев.