Узак мөөнөттүү перспективада Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүнү 24-25-майда Москвада өтө турган II Евразия экономикалфк форумунун катышуучулары талкуулашат. Бирлик өлкөлөрүнүн вице-премьерлеринин катышуусу менен "ЕАЭБ артыкчылыктары 2030+" сессиясынын алкагында эксперттер интеграциялык өз ара иштешүүнүн негизги багыттары жөнүндө пикир алмашышат жана ЕАЭБди өнүктүрүү максаттарын камсыздоо үчүн конкреттүү кадамдарды сунушташат.
2023-жылдын 23-январында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларына кайрылуусунда колдонуудагы "2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын" ишке ашыруунун жүрүшүн баалоону сунуштаган. Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылы 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктай турган жаңы узак мөөнөттүү пландоо документтерин даярдоону баштоо максатка ылайыктуу деп атаган.
"Биз Евразия экономикалык бирлигинде таасирдүү жана натыйжалуу интеграциялык моделди түздүк, Бирлик көп полярдуу дүйнө түзүмүндө өз алдынча уюлдардын бири болуп саналат. Бүгүн биз койгон бардык милдеттерди ишке ашырууга болот деп айтууга болот. Евразия экономикалык форумунда биз кайсы узак мөөнөттүү негизги максатка умтулуп жатканыбызды жана экономикалык өсүштү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын байгерчилигин жогорулатууну кантип камсыздоону талкуулайбыз", — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович.
Дискуссиянын жүрүшүндө эксперттер ЕАЭБди стратегиялык өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын, жогорку технологиялык экспорттун үлүшүн көбөйтүүгө жана трансевразиялык корпорацияларды түзүүгө өбөлгө түзө турган долбоорлорду жана башка темаларды талкуулашат.
Сессияга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министри) Сергей Глазьев жана Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян катышаары күтүлүүдө. Дискуссиянын модератору — Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев.
II Евразиялык экономикалык форуму Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Россия Федерациясынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлөт. Форумдун максаты евразиялык мейкиндикте кооперациялык байланыштарды өркүндөтүү болуп саналат. ЕЭФ-2023 иш-чаралары "Евразия интеграциясы көп полярдуу дүйнөдө" урааны алдында өтөт. Иш-чаранын алкагында бардыгы болуп 35ке жакын ишкердик сессиялар өткөрүлмөкчү. Алар жети тематикалык багытка бөлүнөт, алардын ичинде: "Адам капиталы", "Технологиялар жана кооперация", "Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү ЕАЭБ", "Евразиялык шайкештик", ошондой эле "ЕАЭБдин ички рыногу: бажы кызматташтыгы, атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар".
Мындан тышкары, Евразия экономикалык форумунун "талааларында" "Жашыл Евразия " эл аралык климаттык конкурсу, Евразияда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналган Стратегиялык демилгелер агенттигинин ишкер эртең мененки тамагы жана ЕАЭБ — Индонезия Бизнес диалогунун ишкер эртең мененки тамагы өткөрүлөт. Ошондой эле Индонезия жана Латын Америкасынын өлкөлөрү менен евразиялык интеграциялык форматтын кызматташтыгына арналган бизнес-диалогдор өткөрүлөт.
Ишкердик программасы жөнүндө кененирээк маалымат — форумдун расмий сайтында.