Жаңылыктар

10.04.2024

ЕАЭБде жумушсуздардын саны 13%га кыскарды

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жумуштуулук кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2024-жылдын февраль айынын аягына карата 827,5 миң адамды түзүп, 2023-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 13%га кыскарган.

Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчтүн санынын 0,9%ын түзөт. 2023-жылы бул көрсөткүч 1%ды түзгөн.

ЕАЭБдеги жумушсуздук жөнүндө кененирээк маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.