Данияр Турусбеков РФ ТИМ ЖДК төрагасы Константин Колпаковго чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, жаштардын эки бирикмесинин көп жылдык натыйжалуу кызматташуусун белгилеп өттү.
"ЕАЭБ чакырыктарга тез жана натыйжалуу жооп берет, муну ар кандай экономикалык көрсөткүчтөр көрсөтүп турат. Азыркы тапта дипломатиянын ролу өсүп барат, бул Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн тышкы контурда жигердүүлүгүн арттыруу, эл аралык байланыштарды диверсификациялоо жана жаңы соода өнөктөштөрүн издөө зарылдыгы менен байланыштуу. Азыр Жакынкы Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия, Африка жана Латын Америкасынын өлкөлөрү, ошондой эле бир катар интеграциялык бирикмелер - ШКУ, АСЕАН, КМШ менен кызматташуу кыйла күчөтүлүүдө. Буга байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңешинин жана Россиянын ТИМинин Жаш дипломаттар кеңешинин көп жылдык ийгиликтүү кызматташуусу өзгөчө мааниге жана актуалдуулукка ээ болууда", - деп белгиледи Данияр Турусбеков.
Данияр Турусбеков ошондой эле Комиссия евразиялык экономикалык интеграциянын иштөө процесстерине жаштарды жигердүү тартып жаткандыгын кошумчалады. Алсак, ушул жылдын 25-26-августунда Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму болуп өттү. Негизги иш-чара - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жана КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы - Жооптуу катчысы менен кесипкөй жаштардын ишкер эртең мененки тамагы болду. Данияр Турусбеков Бирлик өлкөлөрүнүн кесипкөй жаштарынын арасында евразиялык интеграцияга өзгөчө кызыгуу артып жаткандыгын белгилеп, эл аралык жаштар аянтчаларында евразия компонентинин туруктуу катышуусуна үмүт арткандыгын билдирди.
Дискуссиянын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри, РИА академиги Сергей Глазьев, "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун программалык директору Ярослав Лисоволик, ошондой эле башка эл аралык эксперттер чыгып сөз сүйлөштү.