Мындай тыянакты "АСЕАН-ЕАЭБ байланыштарын бекемдөө: ишкер коомдоштуктун ролу" тегерек столунун катышуучулары жасашты. Тегерек стол Евразия экономикалык бирлиги менен Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы экономикалык реалдуулуктагы мүмкүнчүлүктөрүн талдоого арналган. Иш-чара 20-ноябрда АСЕАН Катчылыгында ЕАЭБ күндөрүнүн алкагында болуп өттү.
Тегерек столду Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев ачты.
"ЕАЭБ менен АСЕАНдын өз ара иштешүүсүнүн негизги максаттары – соода тоскоолдуктарын четтетүү жана бизнес-коомдоштуктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Ал узак мөөнөттүү трендди көрсөткөн ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын көлөмүнүн туруктуу өсүшүн белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча, өз ара товар жүгүртүүнүн өсүшү 11%дан ашары күтүлүүдө. Бирлик жана Комиссия өз ара аракеттенүүнү эркин соода жөнүндө макулдашуунун (Вьетнам) жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдун (Сингапур, Индонезия, Мьянма, Таиланд, Камбоджа) форматында институтташтырган АСЕАН өлкөлөрү менен соода кыйла динамикалуу өнүгүүдө. Учурдагы күн тартибинде – Бирликтин Индонезия менен эркин соода жөнүндө диалогу, ошондой эле ЕЭК менен Лаос өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүүнү институтташтыруу.
Соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруунун олуттуу резерви болуп, "тар жерлердин" чечмелениши саналат, алардын катарына төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери, транспорттук-логистикалык көйгөйлөр, ошондой эле ишкерлерге товарлар жана потенциалдуу өнөктөштөр жөнүндө маалымат берүүчү маалыматтык аянтчаларды түзүү кирет.
Сергей Глазьев АСЕАН өлкөлөрүнө төлөм тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн жана ЕАЭБде жайылтылган камсыздандыруу инструменттерин колдонууну сунуштады. Сооданын өсүшүнүн дагы бир маанилүү элементи улуттук валюталарды, блокчейнди жана эл аралык сооданын башка санариптик инструменттерин кеңири колдонуу болушу мүмкүн. Бул транзакцияларды жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана арзандатууга жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк бере алат.
Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ менен АСЕАНдын соода-экономикалык кызматташтыгын андан ары өркүндөтүүнүн индикатору болуп ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүштүн позитивдүү динамикасы эсептелет.
Ошондой эле ал ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн көңүлүн АСЕАН менен өз ара аракеттенүү, атап айтканда, Россияда жана АСЕАНда чакан жана орто бизнести санариптештирүү талдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге, ЕАЭБде жана АСЕАНда санариптик трансформация тематикасы боюнча семинардын сунуштамаларына (экинчи этап 2024-жылдын башына пландаштырылган), ошондой эле иштеп чыгарылышы аяктап калган көмүр суутектеринен баш тартуу маселелеринде өз ара түшүнүшүү жөнүндө Россия менен АСЕАНдын биргелешкен декларациясына бурду.
АСЕАН Катчылыгынын өкүлү Латифахайда Абдул Латиф интеграциялык бирикмелерди стратегиялык өнүктүрүү процесстеринин алкагында ишкер бирикмелер менен өз ара аракеттенүү маселелерине мамилелердин окшоштугун белгиледи.Атап айтканда, ал "АСЕАНдын экономикалык коомчулугу үчүн туюк цикл экономикасынын негиздери" программасынын артыкчылыктары жөнүндө айтып берди, ал өзүнө төмөнкүдөй беш стратегиялык артыкчылыктарды камтыйт: стандарттарды шайкеш келтирүү жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өз ара таануу; сооданын ачыктыгын камсыз кылуу жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү; инновациялардын, санариптештирүүнүн жана жаңы технологиялардын ролун жогорулатуу; инновацияларга туруктуу каржылоо жана инвестициялар; энергияны жана башка ресурстарды натыйжалуу пайдалануу.
Тегерек столдун ишине Россия – АСЕАН Ишкерлер кеңешинин төрагасы Иван Поляков, АСЕАН энергетикалык борборунун аткаруучу директору Нуки Агуя Утама, Digital Pilipina компаниясынын өкүлү Амор Макланг, Astana Manana Indonesia компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ханзела Кусумаменгала жана башка эксперттер катышышты, алардын көпчүлүгү ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда туризм, энергетика, транспорт, консалтинг жаатында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү диверсификациялоонун максатка ылайыктуулугун белгилешти. Бул максатта бизнес-миссияларды жигердүү уюштуруу зарыл.
Иш-чараларга шилтеме ЕЭКтин Youtube-каналында жеткиликтүү.