Жаңылыктар

27.04.2022 (Обновлено: 01.06.2022 17:44)

ЕАЭБ жана Иран эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышты

26-27-апрелде Москвада ЕАЭБдин жана Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өткөрүлдү.

"Биз эркин соода аймагын түзүүнүн үстүнөн ишти динамикалык режимде улантып жатабыз. Макулдашуу боюнча бир катар "ачык" маселелерди макулдашууда бир кыйла алга жылдык, өз ара соодада алымдарды жоюу боюнча өз ара милдеттенмелерди түзүү жагында андан аркы ишти кантип үзүрлүү түзүү боюнча натыйжалуу пикир алмаштык. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки раунду июлдун башында Иранда өткөрүлмөкчү", – деп ЕЭКтин соода саясаты департаментинин сооданы жөнгө салуунун атайын маселелери бөлүмүнүн башчысы Антон Цециновский сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча билдирди.
ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча иш менен катар, март айынын ортосунда кол коюлган убактылуу макулдашуунун колдонулушун узартуу жөнүндө протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболорду өткөрүшүүдө. Бул документти ишке ашыруу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эркин сооданын убактылуу режиминен толук форматтуу режимине кынтыксыз өтүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Маалымат

ЕАЭБдин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу 2018-жылдын 17-майында түзүлгөн жана 2019-жылдын 27-октябрынан тарта аракеттенип келет.

2021-жылы ЕАЭБдин Иран менен товар жүгүртүүсү 5 037,5 млн АКШ долларын түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 73,5%га өскөн (2 904,3 млн долл.). Экспорт 2,1 эсе (1 650,9 млн доллардан 3 423,6 млн долларга чейин), импорт – 28,8%га (с 1 253,4 млн доллардан 1 613,8 млн долларга чейин) өскөн.