Жаңылыктар

21.06.2022 (Обновлено: 05.07.2022 11:58)

ЕАЭБ айыл чарба жабдууларынын жана себилдегичтеринин айрым түрлөрүнө карата алымдарды жоёт

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши айыл чарба техникасынын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын убактылуу жоюуну жактырды, ошондой эле аларга карата тарифтик жеңилдиктер колдонулган бөлүктөрдүн жана себилдегичтердин тизмегин кеңейтти.

"Бул чара тышкы басым шарттарында импорттук жабдуулардын жана себилдегичтердин жеткирүүлөрүнүн токтотулушуна, ошондой эле логистика чынжырларынын бузулушуна туш келген, Евразия экономикалык бирлигинин айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган. Чечим аталган продукцияга баалардын өсүшүн тизгиндөөгө жардам берет жана өлкөлөрүбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв.

Ал, кеп кызылчанын чөбүн кесип алуучу жана кызылча жыйноочу машиналарга карата алымдарды 2024-жылдын 30-июнуна чейин жоюу жөнүндө болууда, деп тактады.

Мындан сырткары, рефрижератордук контейнерлерге (2024-жылдын 30-июнуна чейин), ошондой эле айыл чарба техникасы үчүн бөлүктөргө жана себилдегичтерге (жеткирилген продукцияга жараша 2022-жылдын аягына чейин же 2023-жылдын 30-июнуна чейин) карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктер берилмекчи.