Жаңылыктар

29.11.2024

ЕАЭБ 2025-жылы өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн бодо малдын этин ташып келүүгө тарифтик жеңилдиктер берет

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши эт продукциясын өндүрүү үчүн каралган бодо малдын (БМ) этинин айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Кеп 2025-жылы мындай товарларды төмөнкүдөй көлөмдө алып келүү мүмкүндүгү жөнүндө болууда: Армения Республикасы үчүн – 9 миң тоннага чейин, Беларусь Республикасы үчүн – 7,5 миң тоннага чейин, Кыргыз Республикасы үчүн – 2,5 миң тоннага чейин, Россия Федерациясы үчүн – 100 миң тоннага чейин.

"Бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан даяр эт жана колбаса азыктарын өндүрүү үчүн арналган эт чийки затынын тартыштыгын толтурууга, мындай өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтүүгө, ошондой эле даяр продукцияга баалардын өсүшүн токтотууга багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Тарифтик жеңилдиктер ташылып келүүчү товардын максаттуу багыты ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган шартта, өнөр жайлык кайра иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү үчүн гана арналган бодо малдын этине карата берилет. Мындай эт чийки заты негизинен ички рынокто өндүрүлгөн жогорку сапаттагы уй эти болуп саналбайт.

Бирлик өлкөлөрүндө каралып жаткан эт чийки затынын тартыштыгы негизинен Латын Америкасы өлкөлөрүнөн жана Индиядан келген импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен компенсацияланат.