Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигине жогорку технологиялуу медициналык түзүлүштөрдү, анын ичинде заманбап магниттик-резонанстык томография тутумдарын алып келүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган чечим кабыл алды.
Бул максатта ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүдө лицензия, корутунду (уруксат берүүчү документ) же бирдиктүү реестрден маалыматтарды берүү талап кылынбаган продукциянын радиожыштык тилкелеринин тизмеси кеңейтилген.
"Тиешелүү тутумдар визуализациянын, орнотуунун жана иштөөнүн жогорку сапаты жагынан бир катар артыкчылыктарга ээ. Алардын техникалык мүнөздөмөлөрү электр магниттик тоскоолдуктардын пайда болушуна алып келбейт", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Кабыл алынган чечим аталган товарларды ташып келүүдө уюмдардын каржылык жана убакыттык сарптоолорун азайтууга мүмкүндүк берет.
Документ расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.