Жаңылыктар

05.12.2023

ЕЭК жана ДССУнун Европа регионалдык бюросу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашырып жана өнүктүрүүдө

Евразия экономикалык комиссиясында 4-декабрда ЕЭК менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европалык регионалдык бюросунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2025-жылдын аягына чейин Иш-чаралар планына кол коюлду.

Комиссия тараптан Планга техникалык жөнгө салуу боюнча министр Виктор Назаренко, ДССУ тарабынан Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге кол коюшту.

"ЕЭК менен ДССУнун Меморандумду ишке ашыруу боюнча кызматташуусу 2025-жылга чейин биргелешкен иш-чараларга кол коюу менен системалык пландык деңгээлге чыгат", – деп белгиледи ЕЭК министри Виктор Назаренко. – ДССУнун иши COVID-19 пандемиясы менен күрөштө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Аймактык деңгээлде тыгыз өз ара аракеттенүү бизге ДССУнун эл аралык тажрыйбасын ЕАЭБде коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсү үчүн жаңы биологиялык коркунучтарга жооп кайтарууда комплекстүү, илимий-негизделген мамилеге жетишүү үчүн колдонууга, продукцияга карата коопсуздуктун эл аралык талаптарын эске алууга жана зарыл болгон учурда шайкеш келтирүүгө, ЕАЭБде жаңы жогорку технологиялык дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет".

Планда Меморандумда белгиленген кызматташуунун бардык багыттары боюнча 21 иш-чара каралган.

Планга ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жаатында кызматташуу боюнча профилдик жумушчу топ түзүлөт, дарылардын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик документтердин долбоорлорун алмашуу, бир катар биргелешкен консультацияларды өткөрүү, тийиштүү фармакопеялык практиканын эрежелерин даярдоо боюнча ДССУнун долбоорун иштеп чыгууга ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылган.

Рынокто жүгүртүлүп жаткан тамак-аш продукциясынын адамдын өмүрү жана ден-соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө, адамдын өмүрү жана ден-соолугу үчүн коркунучтуу тамак-аш продукциясын жөнгө салуу же жүгүртүүнү болтурбоо, тамак-аш продукциясында жана ичүүчү сууда химиялык заттардын, микроорганизмдердин болушун ченемдөө маселелери боюнча биргелешкен консультациялар пландаштырылган. Мындан тышкары, бул чөйрөдө адам өмүрү жана ден соолугу үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө санариптик ресурстар жөнүндө өз ара маалымат алмашуу каралган.

Инфекциялык оорулардын, ошондой эле массалык инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана пайда болуу чөйрөсүндө бир катар иш-чаралар каралган. Алардын катарында илимий изилдөөлөр жана ДССУнун инновациялык иштеп чыгууларын жайылтуу жаатындагы илимий-методикалык маалыматтар менен алмашуу, пандемия шарттарында жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыздоо боюнча биргелешкен консультацияларды өткөрүү бар.

Ошондой эле региондун өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыгын жогорулатуу, микробдорго каршы препараттарга каршылыктын пайда болушунун алдын алуу, саламаттыкты сактоо жаатындагы маалыматтык тутумдарды өнүктүрүү, жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен иш-чаралар пландаштырылган.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алкагында ишмердиги БССУнун Европа регионалдык бюросу тарабынан координацияланган регионго кирет.

Евразия экономикалык комиссиясы менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун ортосунда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ЕЭК менен ДССУнун Европа регионалдык бюросунун өз ара иштешүүсү жана кызматташуусу 2021-жылдын 13-октябрынан тартып жүзөгө ашырылып келет.