Жаңылыктар

01.06.2022 (Обновлено: 16.06.2022 12:06)

ЕЭК жана КЭРдин Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясы стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүүдө

"Техникалык жөнгө салуу механизмдери товарлардын эркин кыймылын камсыз кылууга жана соодадагы техникалык тоскоолдуктардын жоюлушуна, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы баскычына чыгууга өбөлгө түзөт", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациянын (SAMR) өкүлдөрү менен видеокөпүрө форматында өткөрүлгөн стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо маселелери боюнча эки тараптуу жолугушууда билдирди.

"Евразия экономикалык бирлигинен сырткары жайгашкан тышкы соода өнөктөштөрүбүз менен бул чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу биз үчүн абдан маанилүү. Бул продукцияга коюлуучу талаптардын жана анын эл аралык талаптарга шайкештигин баалоо жол-жоболорунун деңгээлин баалоого гана мүмкүндүк бербестен, соодадагы ашыкча техникалык тоскоолдуктардын жоюлушуна да өбөлгө түзөт", – деп Тимур Нурашев баса белгиледи.

Катышуучулар ЕАЭБдин жана КЭРдин стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө жүргүзгөн саясаты жөнүндө маалымат алмашышты, ошондой эле SAMR өкүлдөрү аталган чөйрөдө түзүлгөн макулдашуулардын мисалында КЭРде техникалык тоскоолдуктарды жоюу максатында колдонулган практикалык механизмдер жөнүндө тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Тараптар мындай жумушчу жолугушууларды тутумдук негизде өткөрүп туруу жөнүндө келишишти жана кийинки жолугушууда транспорт каражаттарына жана химиялык продукцияга коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилөөгө жана аларды ЕАЭБдин жана КЭРдин рыногунда жүгүртүүгө тиешелүү маселелерди талкуулоо ниетин билдиришти.

SAMRдын Эл аралык кызматташтык департаментинин башкы директору Се Цзюнь ЕЭК менен стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, продукциянын коопсуздугун контролдоо тутуму ж.б. чөйрөлөрдөгү маселелер боюнча диалогду улантууга кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Маалымат

Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрация (SAMR) төмөнкү чөйрөлөрдө кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон рыноктун жөнгө салуучусу болуп саналат:

– тамак-аш азыктарынын коопсуздугу,

– адилет рынок атаандаштыгы,

– монополиялардын ишмердиги,

– рыноктун субъектилерин каттоо,

– өнөр жай коопсуздугу,

– стандартташтыруу,

– метрология,

– сыноолор, инспекциялар, шайкештикти баалоо,

– мамлекеттик көзөмөл,

– сапатты контролдоо, улуттук сапат инфраструктурасын түзүү.