21-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник кабель-өткөргүч продукциясына, аны өндүрүү үчүн жабдууларга жана материалдарга арналган "Cabex 2024" эл аралык көргөзмөсүнө катышты.
Көргөзмөнүн талааларында Николай Рогожник ишкерлер менен атап айтканда "Электрокабель" кабелдик-өткөргүч продукциясын өндүрүүчүлөрдүн эл аралык ассоциациясынын жетекчилиги жана кабелдик өнөр жай илимий-изилдөө институтунун мүчөлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Тараптар кабель-өткөргүч чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин энергонатыйжалуу электр кыймылдаткычтарынын келечектүү түрлөрүн иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча потенциалдуу кооперациялык долбоорлоруна кабелдик-өткөргүч өнөр жайынын жана илимий-изилдөө чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу сыяктуу кызматташтыктын келечектүү багыттары каралды.
Николай Рогожник ассоциациянын мүчөлөрүн ЕАЭБ кооперациялык долбоорлоруна каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы механизмин жигердүү колдонууга чакырды. Тараптар аларды тандоо маселесин Комиссиянын атайын жумушчу тобу менен иштеп чыгууну макулдашышты.