Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 15.06.2022 12:44)

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук комплексиндеги технологиялык көйгөйлөрдү четтетүүгө ниеттенет

Бул туурасында 26-майда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык форумунун "Транспорттук комплекс - Евразия экономикалык интеграциясынын каркасы" панелдик сессиясында билдирди. Анын айтымында, форум байланыштарды калыптандыруу, жаңы логистикалык каттамдарды түзүү боюнча маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт.

 "Форумда учурдагы көйгөйлөрдү четтетүү боюнча биргелешкен иштерге багытталган бир катар документтерге кол коюлат. Мунун баары технологиялык маселелерди алып салууга, рынокко бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоого, биргелешкен сооданын көлөмдөрүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", – деди Темирбек Асанбеков. 

Ал транспорттук комплексте темир жана автомобиль жолдорунун тармагына негизделген транспорттук коридорлорду куруу боюнча олуттуу иштер күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Биз макроэкономикадагы өзгөрүүлөрдүн фонунда эл аралык ташууларды өнүктүрүүнүн жаңы парадигмасын түзүүгө, транспорттун кайсы түрү "эшиктен эшикке чейин" жеткирүүнү камсыз кылууда негизги ролду ойной тургандыгын аныктоого, "чек арасыз мобилдүүлүк" принциби боюнча иштеген коммуникация тутумун куруу мүмкүнчүлүгүн баалоого үмүттөнөбүз". Талкуунун жыйынтыктары форумдун панелдик сессиясынын резолюциясына киргизилет жана биздин келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө, транспорт чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерибиздин андан аркы өнүгүүсүн жана эл аралык деңгээлде жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүдө позициялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого мүмкүндүк берет", - деп белгиледи ЕЭК министри.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев ЕАЭБ өлкөлөрүндө транспорт маселелери боюнча көйгөйлөр бар экендигин, жана ошондуктан Стратегия-2025те белгиленген пландарды ишке ашыруу менен интеграцияда реалдуу кадамдарды жасоо керектигин айтты.

"Кыргызстан - КЭР жолунун курулушу туурасында кеп кыла турган болсок, бул – келечектүү долбоор жана ал Кытай менен Европаны байланыштырышы керек. Азыр кандайдыр бир ийгиликтер жөнүндө айтуу эрте, эгерде бул долбоор ишке ашса, анда ал биздин республиканын жана Бирликтин башка өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүдө "секирик" жаратышы мүмкүн", - деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Алмаз Тургунбаев билдиргендей, Кыргызстан темир жолду куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү максат кылган.

Кыргызстандын Транспорт министрлигинин өкүлү электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселесине токтолду. Ал темир жол транспорту бул тармакты жакшыртууга жардам берерин белгилеп өттү.

"Кыргызстанда мындай рынок эми гана өнүгө баштады, азырынча дээрлик бардык нерселер автотранспорт менен жеткирилет. Бирок электрондук коммерциянын өсүшү менен темир жол ташууларынын таасири жогорулайт", – деп жыйынтыктады КР транспорт министринин орун басары.

Армения Республикасынын аймактык башкаруу жана инфраструктура министринин орун басары Армен Симонян ЕАЭБ өлкөлөрүндө "ачык асман" режимин киргизүүнүн келечеги жана Армениянын бул маселедеги тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Ал "ачык асман" режими Арменияда 2012-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын жана 2013-жылдан бери жүргүнчүлөрдүн агымы кескин өскөндүгүн эскертти.

"Жыл сайын жүргүнчүлөрдүн агымы 15%га жогорулаган, ал эми AirBus маалыматы боюнча эл аралык көрсөткүч 3,8%ды түзгөн. 2025-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө катталган аба кемелери үчүн бирдей шарттарды түзүү, ошондой эле жыштыктар боюнча чектөөлөрдү алып салуу керек, анткени бизде ЕАЭБдин ичинде жүргүнчүлөрдүн агымынын жигердүү өсүшү пландалууда жана бул логистиканын жакшырышына алып келет", - деп эсептейт ал.
Министрдин орун басарынын пикири боюнча, ЕАЭБ алкагында Армениянын артыкчылыктуу багыты - санариптик транспорттук коридорлорду түзүү.
Ушуга байланыштуу Армен Симонян: "Бизде санариптик транспорттук коридорлордун структурасын түзүү боюнча сынак ачылган. Бул логистикалык компанияларга транспорттук чынжырды толугу менен көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Негизинен алып караганда, жүк жөнөтүүчүлөр жана буюртма берүүчүлөр үчүн маркетплейс түзүлөт.

Талкуунун модератору Казакстандын KAZLOGISTICS Транспортчулар бирлигинин төрагасынын орун басары Юрий Лавриненко болду. Өз сөзүндө ал, атап айтканда, азыркы учурда ЕАЭБде өндүрүштүк кооперацияны жана транспорттук логистиканы өнүктүрүү маанилүү экендигин, жана ошону менен катар өнөр жайды, транспортту, айыл чарбасын координациялоо зарыл экендигин белгиледи.

 ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү