Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында "Санариптик соода – дүйнөлүк тажрыйба жана ЕАЭБдеги өнүгүү перспективалары" семинары болуп өттү, анын модератору ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев болду.
"Биздин бүгүнкү семинар санариптик сооданы өнүктүрүүгө арналган – бул тармак биз бир канча убакыттан бери алектенип келе жаткан электрондук соодага караганда кененирээк. Санариптештирүү бизде башка багыттар боюнча да жүрүп жатат, бирок биз иш күчөтүлүшү керектигин түшүнөбүз жана бул биздин өлкөлөрдүн лидерлери кабыл алган "Евразия экономикалык жолу" декларациясында чагылдырылган, – деди министр иш-чараны ачып жатып. – Бул жаатта биз үчүн башында бизнес жана эксперттик коомдоштук менен жолугушуу өткөрүү маанилүү, биз Бирлик катары натыйжалуу боло ала турган күч-аракеттерибиздин артыкчылыктарын жана негизги багыттарын белгилөө үчүн".
Н.Э. Бауман атындагы ММТУнун жетектөөчү окутуучусу, CHB Forwarding LLC логистикалык компаниясынын жетекчиси Борис Чалов биринчи кезекте ар кандай документтерди түзүү жана өткөрүп берүү менен коштолгон товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылынын кадамдык сценарийлерин аныктоого чакырды. "Өнөр жай криптосистемалары" АК башкы директору Михаил Чеканов баса белгилегендей, санариптик сооданы өнүктүрүү үчүн башкысы санариптик инфраструктура, маалыматтардын коопсуздугу, электрондук документ жүгүртүү, электрондук кол тамга, программалык камсыздоону жеткирүүнүн коопсуздугу жана туруктуулугу болуп саналат.
"Санариптик экономика" АКЭУ эл аралык кызматташтык боюнча директорунун орун басары Андрей Филиппов өз кезегинде, бүтүндөй Бирликке масштабдоого боло турган, ЕАЭБ өлкөлөрүндө соодада жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча колдонуудагы чечимдердин топтомун даярдоону сунуштады. "Яндекс" электрондук коммерция сервистеринин бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча директорунун орун басары Максим Рожнев компаниянын соодада жасалма интеллектти колдонуу боюнча конкреттүү тажрыйбасы жөнүндө айтып берди, бул электрондук коммерция кызматтарында сатуучулардын убактылуу жана акчалай коромжуларын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.
"КВТ" МК президенти Юлия Шленская санариптик төлөмдөр жана эсептешүүлөр маселелерине токтолду, аларды бүгүнкү күндө бүтүндөй тышкы экономикалык тармак үчүн номер биринчи тема катары аныктады. Ошондой эле ал ири банктар менен кынтыксыз технологиялар боюнча биргелешкен долбоорлор жөнүндө айтып берди, алар кардарларга бажы өкүлү жана логистикалык оператор менен документ жүгүртүүнүн бирдиктүү чөйрөсүндө иштөөгө мүмкүндүк берет.
Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер дирекциясынын директору Севак Саруханян электрондук документ жүгүртүү боюнча жалпы стандарттарды илгерилетүү үчүн евразия мейкиндигинде маркетплейстердин жана электрондук сооданы өнүктүрүүнүн уникалдуу иш тажрыйбасын колдонууну сунуштады. ЮНСИТРАЛ жумушчу тобунун эксперти Николай Дмитрик эл аралык чечимдерди иштеп чыгууда шайкештик маселесине көңүл бурду. Анын пикири боюнча, ЕАЭБ иш жүргүзүлүп жаткан жана келечекте пландаштырылып жаткан дүйнөлүк практикаларды жана режимдерди изилдөө боюнча пландуу иштерди жүргүзүүсү маанилүү. ЖЭМ УИУнун Соода саясаты институтунун директору Александр Данильцев Евразия экономикалык бирлигинин алкагында санариптик технологиялар чөйрөсүндө билим берүү жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүнү колдоо тутумун түзүүнү сунуштады.
Семинардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, анын бардык катышуучулары санариптик сооданы өнүктүрүү бөлүгүндө "Евразия экономикалык жолу" Декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдоодо аларды андан ары колдонуу үчүн топтолгон иштелмелерди ЕЭК менен бөлүшүшөт.
Санариптик сооданы өнүктүрүү Бирликтин экономикасынын иштеши үчүн мүмкүнчүлүктөрдү да, ошол эле учурда айрым тобокелдиктерди да жаратаарын эске алуу менен, аны колдоонун жана жөнгө салуунун негизги контурларын азыртан аныктоо зарыл.