Жаңылыктар

15.01.2025

ЕЭК асыл тукум мал чарбасында геномдук селекцияны киргизүү боюнча ыкмаларды жактырды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы асыл тукум мал чарбачылыгында геномдук селекцияны колдонуунун эл аралык тажрыйбасы жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба жаныбарларына геномдук баа берүүнү киргизүү боюнча мүмкүн болгон макулдашылган ыкмалар жөнүндө серепти карап чыкты.

Геномдук селекцияны киргизүү ЕАЭБде жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун баалоо жана болжолдоо тутумун калыптандыруу менен мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого жана тармактын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.