Евразия экономикалык бирлигинин Коллегиясы бодо малдын «in vitro» эмбриондору жана кой-эчкилердин эмбриондору үчүн Бирдиктүү ветеринардык талаптардын жаңы главаларын жана ветеринардык сертификаттардын формаларын бекитти.
Документтер контролдонуучу товарлардын бул түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигине жеткирүүгө кызыкдар экендигин билдирген чарбакер субъекттердин кайрылууларынын негизинде даярдалды.
Бодо малдын «in vitro» эмбриондоруна жана кой-эчкилердин эмбриондоруна карата талаптар азыркы убакытка чейин мүчө мамлекеттердин улуттук деңгээлинде да, Комиссиянын деңгээлинде да аныкталган эмес, бул аларды Бирликтин аймагына алыр киргизүүгө жана эркин жылдырууга кыйынчылык жараткан.
Ошол эле учурда Комиссиянын Коллегиясы тарабынан, ача туяктууларга карата бодо малдын губка сымал энцефалапатия бөлүгүндө, ошондой эле зоопарктык жана цирктик жаныбарларга карата жаныбарлардын жугуштуу оорулары боюнча эпизоотикалык бакубатчылык жагында Бирдиктүү ветеринардык талаптар жана ветеринардык сертификаттардын формалары Жаныбарлардын ден соолугунун бүткүл дүйнөлүк уюмунун стандарттарына ылайык актуалдаштырылды.