Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 22-августтагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин аймагында чек ара аралык B2G (Business-to-Government) өз ара аракеттенүүлөрүндө электрондук санариптик кол тамганы (ЭСК) өз ара таануу эрежелери бекитилди. Чечим чек ара аралык өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана ЕАЭБде бизнес жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Буга чейин ЕЭК Коллегиясы чек ара аралык B2G өз ара аракеттенүүлөрүндө ЭСКны таанууну камсыздоону биринчи кезекте талап кылган 14 чөйрөнү аныктаган.
Жаңы эрежелерди киргизүү менен Евразия экономикалык бирлигинин ар кайсы өлкөлөрүндө иштеген компаниялар мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүү үчүн бир эле ЭСКны колдоно алышат. Демек, ар бир өлкө үчүн өзүнчө ЭСКны алуунун кажети жок болот, бул процессти кыйла жөнөкөйлөтүп, административдик чыгымдарды азайтат.
"Иш жүзүндө B2G тибиндеги өз ара аракеттенүүлөрдү жөнгө салууга багытталган эрежелер мамлекеттер аралык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн негиз түзүшөт. Бул биздин мамлекеттер аралык кызматтарды уюштурууга карата биринчи аракетибиз деп айта алабыз", — деп баса белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.
Узак мөөнөттүү келечекте бул чечим чек ара аралык сооданы жана ЕАЭБге интеграцияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Жаңы эрежелерди ишке ашыруу ЕЭКтин жана башында G2G (Government-to-Government) мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү үчүн гана түзүлгөн мүчө мамлекеттердин ишенимдүү үчүнчү тараптарын толуктап иштеп чыгууну талап кылат. Негизги иштерди аткаруу ушул жылга пландаштырылган.