Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 12:32)

ЕЭК товарлардын айрым категорияларын убактылуу ташып келүүнүн мөөнөтүнузартат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши товарлардын айрым категорияларын бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн убактылуу ташып келүүнү эки жылга чейин көбөйттү.

Убактылуу ташып келүүнүн чектик мөөнөтү убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар үчүн 2021-жылдын 1-мартынан 2022-жылдын 28-февралына чейин узартылат.

Комиссиянын Кеңешинин 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 109 чечимине тийиштүү оңдоолор мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 12 тескемеси менен бекитилген макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча чаралардын тизмегин жүзөгө ашыруу максатында, Беларусь Республикасы тарабынан демилгеленип жана Евразия экономикалык биргининин мамлекеттери тарабынан колдоого алынган.

Чечим 2022-жылдын 1-мартынан тарта келип чыккан укук мамилелерине карата колдонулат.

Маалымат

Бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөөдөн толук шарттуу бошотуу менен убактылуу киргизилүүчү товарлардын тизмесинин 1 – 17, 19 – 22, 24, 28, 29 жана 37-пункттарында көрсөтүлгөн товарлар үчүн убактылуу киргизүүнүн эки жылдык мөөнөтү каралат (товарлардын тизмеги Бажы бирлигинин 2010-жылдын 18-июнундагы № 331 чечими менен бекитилген).

Мөөнөттөрдү буга чейин ушундай эле узартуу 2020-жылы тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүүдө COVID-19 коронавирус пандемиясынын кесепеттерин азайтуу максатында белгиленген.