Москвада Евроазиялык кызматташтык Финансы-Бизнес ассоциациясынын (ЕАК ФБА) штаб-квартирасында ЕАК ФБА мүчөлөрүнүн жалпы жылдык чогулушу болуп өттү, анда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри, Ассоциациянын байкоочу кеңешинин төрагасы Бакытжан Сагинтаев саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү.
ЕЭК министри Комиссия тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кеңейтүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү боюнча жүргүзүлгөн иштер туурасында маалымдады, бул евразиялык интеграциянын артыкчылыктарынын бири болуп саналат.
Мындан тышкары, Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жол-жоболорун жүргүзүүдө жөнгө салууну иштеп чыгуу процессине ишкерлерди тартуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Ошондой эле электрондук сооданы өнүктүрүүнүн, бизнеске салык салууну өркүндөтүүнүн жана Бирликте улуттук валюталарды пайдалануунун негизинде эсептешүү-төлөм механизмдерин калыптандыруунун актуалдуу маселелери белгиленди.
Жыйынтыгында Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ мейкиндигинде кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана бизнести өнүктүрүү жана жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен биздин өлкөлөрдүн экономикаларынын дараметин бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Маалымат
Евроазиялык кызматташтыктын Финансы-Бизнес ассоциациясы (ЕАК ФБА) – 2013-жылы негизделген коомдук өкмөттүк эмес уюм. Анын негизги максаты – Евразияда улуттук рыноктордун катышуучуларынын Ассоциациянын мүчөлөрүнүн алардын натыйжалуу ишкердик ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды уюштурууда сурам-талаптарын ишке ашыруу. ЕАК ФБА ишкерлердин финансылык-банктык жана иштиктүү бирликтерин, коммерциялык уюмдарды жана банктарды, Арменияны, Беларусту, Казакстанды жана Россияны кошо алганда 26 евразиялык өлкөнүн коомдук жана илимий-өндүрүштүк бирикмелерин бириктирет.