Жаңылыктар

02.08.2024

ЕЭК ЕАЭБде бажы мыйзамдарын өркүндөтүүнү улантууда

Бажылык жөнгө салуунун актуалдуу маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеровдун төрагалыгы астында 31-июлда бажылык жөнгө салуу боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда каралды.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан ЕАЭБ Бажы кодексинин айрым ченемдерин жана Комиссиянын чечимдерин бирдиктүү аткарууга, ошондой эле бажы кызматтарынын Бирликте бажы транзити боюнча жалпы процессти ишке ашырууга даярдыгына байланыштуу бизнес үчүн маанилүү маселелер талкууланды.

Отурумдун катышуучулары Бажы кодексинин жана Комиссиянын актыларынын бир катар ченемдерин өркүндөтүү боюнча мындан аркы ишти аткарууну колдоого алышты, бажы транзитинин маселелери боюнча ЕАЭБдин жалпы процессин ишке ашырууга багытталган иш-чараларды бажы кызматтары тарабынан активдештирүү боюнча макулдашышты, ошондой эле бажы кызматтарынын Бирликтин укуктарынын өзүнчө жоболорун ишке ашыруудагы мамилелерин макулдашышты.

"Бирликтин аймагы боюнча бажы транзитинин талкууланып жаткан жөнөкөйлөтүүлөрүнүн бизнес үчүн маанилүүлүгүн ашыра баалоо кыйын. Биздин аянтчада бул багытта, анын ичинде бажылар ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп турат, – деп белгиледи Эльдар Алишеров. – Биз учурдагы дүйнөлүк экономикалык кырдаалда тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүүгө байланышкан ар кандай чакырыктарга ыкчам жооп берүүгө даярбыз жана мүмкүн болушунча дайыма бизнесибизди колдойбуз".