Бажы кызматташтыгы жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча комитетченин отурумунда бир тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү, экинчи тарабынан - Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин карашты.
Кеп санариптик (интеллектуалдык) бажыны өнүктүрүү жана келечектүү бажы технологияларын, "бирдиктүү терезе" механизмин киргизүү, "ыйгарым укуктуу экономикалык оператор" институтун, электрондук бажы транзитин өркүндөтүү, ошондой эле "Евразиялык агроэкспресс" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө болду.
Отурумда Бирлик жана анын мүчө мамлекеттери тарабынан ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров төрагалык кылды.
"Кытайлык өнөктөштөр менен диалогду өнүктүрүү Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагындагы иштин актуалдуу багыты болуп саналат", – деп белгиледи Сергей Владимиров. Анын пикири боюнча, КЭР менен бажылык башкаруунун ар кандай маселелери, анын ичинде келечектүү бажылык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу ийгиликтүү бажы кызматташтыгынын маанилүү аспектиси болуп саналат.
Бирлик менен КЭР бажы кызматынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн укуктук негиз болуп 2018-жылдын 17-майындагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу саналат, анын 6-главасы бажы наркы, товарларды классификациялоо, тобокелдиктерди башкаруу, товарларды убактылуу ташып келүү жана бажы аймагында кайра иштетүү, товарларды чыгаруу, "бирдиктүү терезе", чек араны координацияланган башкаруу, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор сыяктуу бажылык жөнгө салуунун укуктук институттарын, ошондой эле бажы кызматташтыгы, маалыматтык технологияларды колдонуу, бажы инфраструктурасы, алдын ала чечимдер, маалымат алмашуу ж. б. маселелерди камтыйт.
Отурумдун жүрүшүндө тараптар комитетче ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы бажы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин андан ары талкуулоо үчүн аянтча болооруна ишенимин билдиришти.
Маалымат
Бажы кызматташтыгы жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча комитетче 2018-жылдын 17-майындагы бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин, экинчи жагынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 6.24-беренесине ылайык бекитилген. Комитетчеге төмөнкү функциялар жүктөлгөн: Макулдашуунун 6-главасын талаптагыдай ишке ашырууну камсыз кылуу жана аны колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык маселелерди чечүү; тараптардын ортосундагы сооданы жөнөкөйлөтүү максатында өркүндөтүлүшү мүмкүн болгон ушул главага тиешелүү чөйрөлөрдү аныктоо максатында Макулдашуунун 6-главасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү; ар бир тараптын бажылык жөнгө салууну стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча тараптардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында маалымат алмашууну ишке ашыруу; ошондой эле сунуштарды даярдоо жана биргелешкен комиссиянын алдында отчет берүү.