Даттанууга ылайык, белорус компаниялары арыз берүүчү алардын укук ээси болуп саналган "Greenfield" жана "TESS" соода маркаларындагы чайдын таңгагынын дизайнын көчүрмөлөп, жүгүртүүгө чыгарган.
ЕЭКтин монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевичтин айтуусу боюнча, арыздар тартышты алдын ала жөнгө салуу жол-жобосун эске алуу менен каралат – сунуштардын долбоорлору иштелип чыгат жана берилет.
"Сунуштар макулдашылган учурда белорус компаниялары талашты жөнгө салууга жана ЕАЭБдин рыногунда атаандаштыкты калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген чараларды ишке ашырышат. Бирок сунуштар макулдашылбай, "жумшак жөнгө салуу" механизмин ишке ашырылбаса, биз, Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандык жөнүндө арыздарды кароо тартибине ылайык, тийиштүү процесстик чечимди кабыл алабыз", – деп монополияга каршы департаменттин директору белгиледи.
Аталган тартипке ылайык, атаандаштык эрежелерин бузуу фактысы тастыкталса, ЕЭКтин монополияга каршы жөнгө салуу департаменти иликтөө жүргүзөт же материалдарды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарына өткөрүп берет. Бузуу фактысы тастыкталбаган учурда департамент иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн негиздердин жоктугу жөнүндө чечим кабыл алат.
Маалымат:
Сунуш – чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты чектеген кызмат адамдарын жана юридикалык жактарды жазалоосуз атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды токтотууга багытталган "жумшак жөнгө салуу" механизми. Ал мындайча иштейт: атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуунун белгилери аныкталбаса, ЕЭК арыз (материалдар) Комиссияда катталган күндөн тарта он жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө аталган укук бузууну жоюу боюнча сунуштардын долбоорун иштеп чыгат. Долбоор Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарына жана, бар болсо, арыз берүүчүгө макулдашуу үчүн, ошондой эле маалымдоо тартибинде анын иш-аракеттери мындай бузууга алып келген жакка жиберилет.