Евразия экономикалык комиссиясы Дүйнөлүк бажы уюму (ДБУ) менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чаралардын тизмегин талкуулады.
ЕЭКтин профилдик жумушчу тобунун отурумуна Комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча блогунун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компетенциясына бажы кызматташтыгын өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык бажы коомчулугу менен өз ара иштешүүдө бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери кирген ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жумушчу топтун эксперттери 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 11.7.5-пунктун жүзөгө ашыруу үчүн ДБУ менен өз ара аракеттенүү бөлүгүндө укуктук жана уюштуруучулук мамилелерди карап чыгышты.
"ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Бирликтин ДБУга мүчөлүгү жана анын негиз салуучу документтерине кошулуу жөнүндө директиваларын ишке ашыруу Комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча блогунун күн тартибинде турган актуалдуу тема болуп саналат. Коюлган милдеттер комплекстүү талдоону жана ЕАЭБдин укуктук талаасынын алкагында оптималдуу уюштуруучулук-укуктук чечимдерди издөөнү талап кылат", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу тажрыйбасы департаментинин директору Сергей Владимиров.
Комиссиянын пикири боюнча, жумушчу топтун ишинин натыйжалары бажы кызматташтыгынын тематикасы, анын ичинде бул эл аралык бажы уюмунун укуктук каражаттарын иштеп чыгуу боюнча техникалык комитеттерде ЕАЭБ менен ДБУ өз ара иштешүүсүнө оң таасирин тийгизет.
Маалымат
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 чечими менен кабыл алынган Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын 11.7.5-пунктунда Бирликтин ДБУнун мүчөсү статусун алуусуна багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү, Бирликтин ДБУнун негиз болуучу документтерине кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сыяктуу маселелер каралган.