Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоого карата жалпы принциптерди жана мамилелерди Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеровдун төрагалыгы астында жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отурумунун катышуучулары талкуулашты.
"Мүчө мамлекеттердин өз ара алгылыктуу позицияларын иштеп чыгуу жана аларды бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө Бирликтин укуктарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө карата сунушталган принциптер жана мамилелер жагында жакындатуу, бул биздин бүгүнкү күндөгү башкы милдетибиз", — деп белгиледи Эльдар Алишеров.
Отурумдун катышуучулары жалпысынан Бажы бирлигинин жана Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимде бекитиле турган принциптерди макулдашышты, жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарында бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик жана жазык жоопкерчилигин белгилөөдө аларды кармануу сунушталган мамилелерди тыкыр талкуулашты. Мындай принциптерге, атап айтканда, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, гуманизм, мыйзам жана сот алдында теңдик, күнөөсүздүк презумпциясы, жазанын сөзсүз болушу жана жасалган укук бузуунун коомго келтирилүүчү коркунуч менен өлчөмдөш болушу кирет.
Кийинки баскычта аталган Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоорун даярдоо жана аны мамлекеттик ички макулдашууга жиберүүгө даярдоо боюнча эксперттик иш аткарылышы керек.
Маалымат
2010-жылдын 5-июлундагы Бажы бирлигинин жана Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоорунун үстүндө иш, Комиссия тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 Чечими менен бекитилген 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 3.1.6-пунктунда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.