Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
30 майындагы 2025
ЕЭКте ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери талкууланды
30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдовдун төрагалыгы менен бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болду. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине киргизилүүчү ЕАЭБдин бажылык чек арасы аркылуу контейнерлерди жөнөкөйлөштүрүп өткөрүүгө тиешелүү түзөтүүлөр талкууланды. Бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле балык кармоо жана балык продукциясы тууралуу маалымат алмашуу маселелери каралды. Жумушчу топтун катышуучулары өтө сезимтал маселелер боюнча талкууну улантууну макулдашышты. Жумушчу топтун кийинки отурумун ушул жылдын май айында көздөй форматта өткөрүү мерчемделди.
30 майындагы 2025
Максим Ермолович: "Атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушуулары дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатын иштеп чыгууга жардам берет"
Евразия экономикалык комиссиясы Египеттин атаандаштык мекемесинин колдоосу менен Каир шаарында атаандаштык боюнча региондук уюмдардын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусун өткөрдү. Ага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. ЕЭКтин тармактык блогунун демилгеси менен салтка айланып калган мындай иш-чаралар эл аралык региондук уюмдарга актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтык жүргүзүүгө, иш тажрыйбасын алмашууга жардам берет. Бешинчи жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда атаандаштыкты натыйжалуу жөнгө салуу практикалары болду. "Биз региондук кызматташтыктын артыкчылыктарын илгерилетебиз, региондор аралык диалогду бекемдеп жана жайылтып жатабыз, алдыңкы атаандаштык практикаларын ар бир региондун муктаждыктарына ыңгайлаштырып жатабыз, жаңы идеяларды жаратып жатабыз, булар акыркы натыйжасында дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатына алып келет", — деп эсептейт Максим Ермолович. ЕЭК атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушууларын өткөрүүнү уланта берет. Бешинчи жолугушууга Египеттин атаандаштык мекемесинин төрагасы, ЮНКТАДдын өкүлдөрү, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун, Чыгыш Африка коомдоштугунун, Батыш Африка экономикалык жана валюталык бирлигинин, Батыш африкалык мамлекеттердин экономикалык коомдоштугунун, Араб атаандаштык желесинин, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын, БРИКСтин жана Кариб коомдоштугунун өкүлдөрү катышты.
16 майындагы 2025
Арзыбек Кожошев: "Транспорт жана логистика — туруктуу евразиялык интеграциянын негизги элементтери"
Дубайда (БАЭ) өткөн 12-Глобалдык логистикалык конференциянын пленардык сессиясынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын транспорт жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев баяндама менен чыгып сүйлөп, анда Евразия экономикалык бирлигинин транспорттук-логистикалык мейкиндигин өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын белгиледи. Министр глобалдык экономикадагы өзгөрүүлөрдүн фонунда туруктуу логистикалык чынжырлар, инфраструктуранын айкалыштуулугу жана транспорт тармагынын санариптик трансформациясы өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын баса белгиледи. Бул багыттар Бирликтин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды дүйнөлүк рынокторго интеграциялоо үчүн негиз болуп бара жатат. "Бүгүнкү күндө инфраструктурага макулдашылган чечимдер жана инвестициялар мурдагыдан да көбүрөөк зарыл болууда. Натыйжалуу, кынтыксыз жана санариптик логистикалык каттамдарды түзүү — ЕАЭБ үчүн да, биздин өнөктөштөр үчүн да артыкчылык", — деп белгиледи министр. Арзыбек Кожошев ошондой эле ЕЭКтин транспорт жана логистика чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштери, ошондой эле ЕАЭБдин институционалдык демилгелери: электрондук транспорттук коштомо кагаздарды (e-CMR) киргизүү, интеллектуалдык транспорттук тутумдарды өнүктүрүү, евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча комплекстүү планды ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди. "Транспорт жана логистика — заманбап дүйнөнүн өнүгүүсүнүн драйвери. Жеткирүүлөрдүн ылдамдыгы гана эмес, экономиканын туруктуулугу, азык-түлүк жана өнөр жай коопсуздугу, өлкөлөр ортосундагы ишеним алардын ишенимдүүлүгүнөн көз каранды", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Министр глобалдык логистикалык архитектураны чыңдоого багытталган өнөктөштөр менен диалогду тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.
16 майындагы 2025
Гоар Барсегян өнөр жай тармагында өз ара иштешүүнү өнүктүрүү үчүн ЕАЭБ жана БРИКС системалуу диалогун жөнгө салууну сунуштады
15-майда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча министри Гоар Барсегян БРИКС Аялдардын ишкердик форумунун "БРИКС жана эл аралык институттар: туруктуу келечектин өбөлгөсү катары күчтөрдү бириктирүү" панелдик сессиясында чыгып сүйлөдү. Сессиянын катышуучуларынын көңүл борборунда БРИКС күн тартибин ЕАЭБ, ЮНИДО, ШКУ, АСЕАН, МЕРКОСУР жана башка эл аралык уюмдар менен интеграциялоо маселелери болду. Гоар Барсегян белгилегендей, дүйнөлүк экономиканын жаңы конфигурациясынын локомотиви катары БРИКС өлкөлөрү менен системалуу диалогду өнүктүрүү Комиссиянын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. "Муну эске алуу менен өнөр жай тармагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында Бирликтин БРИКС менен системалуу диалогун түзүү боюнча ишти жөнгө салууну сунуштайм", – деп баса белгиледи ЕЭК министри. Форумга эл аралык уюмдардан жана 30дан ашык өлкөдөн ишкерлер коомдоштуктардын жетекчилери катышышты.
16 майындагы 2025
ЕЭК делегациясы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл койду
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ЕЭК министрлери, катчылыктарынын жетекчилери жана департаменттеринин директорлору 16-майда Москвадагы Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу аземине катышышты.
16 майындагы 2025
ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Андрей Аксенов дайындалды
Аксенов Андрей Николаевич 1973-жылы Минск шаарында туулган. 1995-жылы Беларус мамлекеттик университетин "Радиофизика жана электроника" адистиги боюнча бүтүргөн, 1996-жылы Беларус мамлекеттик университетинде "Экономикалык кибернетика" адистиги боюнча кайра даярдоодон өткөн. Эмгек жолун 1995-жылы Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын Банктар аралык валюта биржасында каржы рыногунун талдоочунун жардамчысынан баштап, фонд бөлүмүнүн башчысына чейинки эмгек жолун басып өткөн. 1999-жылдан 2016-жылга чейин "Беларус валюта-фонд биржасы" ААКда жетекчи кызматтарда иштеген. 2017-жылдын январынан 2019-жылдын июлуна чейин Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин Баалуу кагаздар боюнча департаментинде жетекчи кызматтарда иштеген. 2019-жылдын августунан 2025-жылдын майына чейин — "Баалуу кагаздардын республикалык борбордук депозитарийи" республикалык унитардык ишканасынын директору. 2023-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын "Улуттук экономиканы мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Ар кандай өлкөлөрдө (Германия, Австрия, Түркия, Чехия, Польша) финансы рынокторун уюштуруу боюнча бир катар курстардан жана стажировкалардан өткөн. Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин, Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешине караштуу Баалуу кагаздар боюнча комитетинин, "Беларус валюта-фондулук биржасы" ААКсынын грамоталары жана ыраазычылык каттары менен белгиленген. 2025-жылдын 12-майынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
15 майындагы 2025
Арзыбек Кожошев Глобалдык логистикалык альянстын президенти Грейс Сан менен жолугушту
Дубайда (БАЭ) өткөн 12-Глобалдык логистикалык конференциянын талааларында 15-18-майда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин Глобалдык логистикалык альянстын президенти Грейс Сан менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты жана мындан аркы кызматташуунун маанилүү багыттарын белгилешти жана Конференциянын салттуу аянтчасы евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт чөйрөсүндө артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. "Евразия экономикалык комиссиясы диалогго, өнөктөштүккө жана тажрыйба алмашууга ачык. Биз сиздерди стратегиялык демилгелердин деңгээлинде да, конкреттүү долбоорлордун алкагында да активдүү өз ара аракеттенүүгө чакырабыз", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Ошондой эле тараптар кезектеги Глобалдык логистикалык конференцияны кызыкдар мамлекеттик органдарды, эл аралык уюмдарды жана бизнес-коомдоштукту тартуу менен Астанада (Казакстан Республикасы) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
15 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын башкармалыгынын төрайымы Светлана Гусар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын (ЕКК) башкармалыгынын төрайымы Светлана Гусар менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн соодасын өбөлгөлөө үчүн камсыздандыруу ишмердиги чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар жумушчу байланыштарды улантууну жана практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү шартташты. ЕПК Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун негизинде ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында түзүлгөн (2023-жылдын 22-ноябрында күчүнө кирген).
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө