30-сентябрда III Евразия экономикалык форумунун талааларында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык кызматтарынын жетекчилери менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун күн тартибинин маанилүү маселеси 2030-жылга чейин ЕАЭБ статистикасы чөйрөсүндөгү интеграцияны стратегиялык өнүктүрүүнүн максаттарын, негизги милдеттерин жана багыттарын аныктоого тиешелүү болду.
"Кийинки беш жылдык мезгилге евразия статистикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу менен, биз ал Бирликтин иштөө жана өнүгүү процесстерин талдоо үчүн колдонуучулардын кеңейип жаткан маалыматтык керектөөлөрүн максималдуу толук канааттандырышын, ошондой эле евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшүн каалайт элек, – деп белгиледи Эльдар Алишеров. – Статистика кыйла жеткиликтүү, сапаттуу жана пайдалуу болушу үчүн биз маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана маалыматтардын жаңы булактарынын тез өнүгүшүн эске алуу менен биргелешкен аракеттерди ишке ашыруубуз зарыл".
Бирликте статистикалык ишмердүүлүктү андан ары өнүктүрүү темасын улантуу менен, улуттук статистикалык кызматтардын жетекчилери узак мөөнөттүү келечекке улуттук статистикалык кызматтарды өнүктүрүүнүн стратегиялары/пландары жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү жана Комиссия менен биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн актуалдуу багыттар боюнча сунуштарды киргизишти.
Жолугушуунун жүрүшүндө статистикалык тармакты санариптештирүүнү талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Санариптик күн тартип статистикадан башталат жана Бирлик мамлекеттеринде да, Евразия экономикалык комиссиясында да аны ишке ашыруунун бардык этаптары статистика менен коштолот.
"Биз кызматташуунун жетишилген деңгээлине ыраазыбыз. Биз биргелешкен иштин маанилүү багыттары боюнча мындан аркы кадамдарды макулдашууга жетиштик, бул Бирликтин расмий статистикалык маалыматтарынын шайкеш келүү жана салыштыруу деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады Эльдар Алишеров.
Жолугушуу аяктагандан кийин ЕЭК министри Армения Республикасынын Статистика комитетине барып, ал жердин жетекчилиги менен жолугушуп, улуттук статистиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары менен таанышты.