4-июлда Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеровдун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Бажы кызматташтыгы чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине электрондук соода бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды.
Эске салсак, аталга бөлүктө ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын декабрь айындагы отурумунда кол коюлган.
Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердикте электрондук сооданы өнүктүрүүнүн келечеги, аталган Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду өнүктүрүүнүн алкагында кабыл алынып жаткан ченемдик-укуктук актылар талкууланды.
Тараптар интеграцияны тереңдетүү жана бажы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.