Page Content31-октябрда
Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия
мүчөсү Мукай Кадыркуловдун төрагалыгы алдында Бажылык жөнгө салуу боюнча
консультативдик комитеттин кезектеги отуруму болуп өтөт.
Отурумга ЕЭК өкүлдөрү,
Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын,
ошондой эле бизнес-коомчулугунан эксперттер катышат.
Отурумдун жүрүшүндө укук колдонуу тажрыйбасынын
актуалдуу маселелери, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү
бажы аймагына темир жол транспорту менен ташылып келген товарлар жөнүндө алдын
ала маалымдоого байланыштуу маселелер талкууланмакчы.