Жаңылыктар

18.05.2016

18-20-мартта Санкт-Петербургда ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу Коллегия Мүчөсү (Министри) Нурлан Алдабергенов VI Петербург Эл аралык Юридикалык Форумунда Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБде) монополияга каршы жөнгө салуу маселе

Page Content18-20-мартта Санкт-Петербургда ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу Коллегия Мүчөсү (Министри) Нурлан Алдабергенов VI Петербург Эл аралык Юридикалык Форумунда Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБде) монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча баяндама менен чыгып сүйлөйт. Форумдун сессияларында социалдык-маанилүү рыноктордо атаандаштыкты өнүктүрүү маселелери жана ЕАЭБ, БРИКС жана КМШ өлкөлөрүндөгү жөнгө салуу тажрыйбалары талкууланат. Монополияга каршы укук колдонуунун актуалдуу маселелерине жана монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун картель сыяктуу кооптуу түрлөрүнө каршы күрөшүүдө ар кандай мамлекеттердин жана эл аралык интеграциялык бирикмелердин кызматташуусун жөнгө салуу жана юрисдикцияларын системалаштыруу максаттары үчүн эл аралык укуктук куралды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу пландаштырылат.  Иш чара өткөрүлүүчү жер: Россия Федерациясы, Санкт-Петербург ш, Дворцовая аянты, 6-8-үй (Башкы штаб).