Page Content18-сентябрда Москвада Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Таир Мансуровдун жетекчилиги алдында Табигый монополиялар боюнча консультативдик кеңештин жетинчи отуруму болуп өтөт.
Иш чара Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле көзкарандысыз эксперттердин катышуусу менен өткөрүлмөкчү.
Отурумдун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде табигый монополиялардын субъекттеринин системасынын салыштырма анализинин отчетунун жана ишмердүүлүгүн жөнгө салуу тажрыйбасынын формалары каралат. Бул форма кийин табигый монополиялар чөйрөсүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын айкалыштыруу жөнүндө жылдык маалыматты түзүүдө колдонулат.