Page Content20-сентябрда ВДНХ аянтчасында “Текстильлегпром” текстиль жана жеңил өнөр
жай товарларынын жана жабдууларынын ири Федералдык дүң жарманкесинин алкагында,
Евразия экономикалык комиссиясына караштуу жеңил өнөр жай чөйрөсүндөгү
эксперттик топтун алтынчы отуруму болуп өтөт.
Эксперттик топ Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин
жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2015-2016-жылдарга иш чараларынын планын
жүзөгө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулайт. Биргелешкен кооперациялык жана (же)
инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдерине, тармакта жаңы
технологияларды биргелешип өздөштүрүүгө, тармактын өндүрүүчүлөрүн колдоонун
актуалдуу чараларына өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Бул механизмдер ЕЭК тарабынан Пландын айрым иш-чараларын жүзөгө ашыруу
максатында иштелип чыгарылган, Комиссиянын ченемдик актыларынын долбоорлорунда
каралган.
Отурумга катышууга Евразия экономикалык комиссиясынын
департаменттеринин, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдарынын, жеңил өнөр жайынын тармактык
ассоциацияларынын, ошондой эле тармактын ири өндүрүүчүлөрүнүн жана илимий
чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү чакырылган.