Жаңылыктар

22.04.2016

Бажы жөнгө салуулары боюнча консултативдик комитеттин 27-отуруму

Page Content22-апрелде Москвада ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Мукай Кадыркуловдун төрагалыгы алдында Бажы жөнгө салуулары боюнча консултативдик комитеттин 27-отуруму болот. Отурумда ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат. Отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн, бажы иш-аракети чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адамдардын тизмесин түзүү, киргизүү жана колдонуу бөлүгүндө бажы чөйрөсүнүн жалпы процесстерине кошуу маселелери каралат. Консультативдик комитеттин мүчөлөрү жеке колдонууга убактылуу алынып келинген транспорт каражаттарына карата электрондук пломбаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат. Мындан тышкары, эксперттер Евразия экономикалык комиссиясынын  “Үчүнчү өлкөлөр менен болгон соодада бир тараптуу тартипте Евразия экономикалык биримдиктин мүчө өлкөлөрү тарабынан киргизилүүчү жана колдонулуучу тарифтик эмес жөнгө салуулардын убактылуу чараларын сактоону көзөмөлдөөдө бажы органдарынын бир түрдүү укук колдонуу практикасын камсыздоо тууралуу” сунуш-көрсөтмөсүнүн долбоору жана Евразийския экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттери тарабынан аны кароонун жыйынтыктары менен тааныштырышат.