Жаңылыктар

28.10.2016

Биримдиктин ички рыногунда кооперацияны күчөтүү экспортту өнүктүрүүнүн фактору катары

Page ContentТышкы рынокко чыгууда аны багынтам деген ишеним менен чыгуу - бизнестин жетилгендигинин жана ийгиликтүүлүгүнүн көрсөткүчү. Мамлекетте мындай компаниялар канчалык көп болсо, өлкөнүн экономикасы, ал эми биздин учурда Биримдиктин экономикасы өзүн ишенимдүү сезет. Айрым компаниялардын ийгилиги мүмкүн. Анткен менен, тармакты ийгиликтүү кылуу үчүн бир катар тармактарды чогуу өнүктүрүү керек. Муну дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын тажрыйбасы тастыктайт. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү көзкарандысыз көрсөткүч катары кароого болбойт. Бул бүтүндөй экономиканын абалын чагылдырган фактор: өнүккөн транспорттук, логистикалык жана маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктураны, ресурстарга (финансылык, энергетикалык, чийки заттык) жеткилик, адамдык капиталды өнүктүрүү, бизнес жүргүзүү шарттары, саясий туруктуулук, тышкы соода өнөктөштөрү менен туруктуу ишкер мамилелердин болуусу жана тышкы рынокторго жетүү шарттары. Заманбап дүйнөдө экономиканын кошумча артыкчылыктарын алуу үчүн ири аймактык түзүмдөргө биригүү жүрүүдө. Мындай мисалдардын бири Евразия экономикалык биримдиги саналат. Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн жалпы рыногун түзүү кооперациялык байланыштардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү үчүн кошумча жардам боло алат, ал эми бул өз кезегинде соода мамилелеринин системасын жана негизги жана перспективалуу өнөктөштөр менен макулдашууларды түзүүнүн негизи болот. Тегерек столдун максаты - Биримдиктин экспортунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүүсүнө багытталган, биздин интеграциялык мейкиндикте кооперацияны өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча чечимдерди сунуштоо. Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар Биримдикте кооперацияны өнүктүрүү жана даяр продукция менен тышкы рынокторго чыгуу маселелерин талкуулашат, перспективалуу товарларды тандоону оптимизациялоо жана тышкы рынокторго атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгаруу үчүн мамлекет менен бизнестин өз ара иштешүүсүн кантип жакшыртуу керектиги жөнүндө пикир алмашышат, Биримдиктин чакан жана орто ишканаларынын арасынан ийгиликтүү экспортерлордун ийгилик баяндарын, экспортту колдоонун эң натыйжалуу чаралары жана куралдары, улуттук өкмөттөрдүн жана Биримдиктин деңгээлинде өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн бизнести консалидациялоо формалары жөнүндө алардын пикирлерин, сатуунун эң перспективдүү рыноктору боюнча эксперттердин баамын  угушат, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билишет. Талкуу үчүн маселелер: - Биримдикте кооперацияны күчөтүү: биринчи кезектеги чаралар; - Улуттук бизнес-ассоциацияларды түзүү боюнча Биримдик өлкөлөрүнүн тажрыйбасы (Биримдиктин ынтымактуу бизнеси - ийгиликтин ачкычы); - Бизнестин сурамынын негизинде негизги жана перспективалуу өнөктөштөр менен соодалык мамилелер системасын жана макулдашууларды калыптандыруу;     - Биримдиктин чакан жана орто ишканаларынын - чийки заттык эмес/жогору технологиялык продукцияны эл аралык рынокторго чыгаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбалары; - Биримдиктин өндүрүүчүлөрү үчүн эл аралык рыноктордо эң кызыктуу нишалар жана мүмкүнчүлүктөр. Дүйнөлүк рыноктордун сурам-талабынын географиясы жана номенклатурасы. Атаандаштык жана жеткилик шарттары; - Экспортту мамлекеттик колдоонун натыйжалуу жана талапка ээ болгон куралдары; - Биримдиктин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүгө жардам бере ала турган чаралар жөнүндө бизнестин жана бийликтин дискуссиясы. Катышуучулар ·         Чакан жана орто ишканалардын өкүлдөрү; ·         Экспортту жана ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү; ·        Мамлекеттин колдоосу менен түзүлгөн, адистештирилген институттардын өкүлдөрү (Казакстандын ишкерлеринин Улуттук палатасы, ТПП РБ, РЭЦ, ЭКСАР, Росэксимбанк, Чакан жана орто бизнести колдоо агенттиги, экспортту колдоонун аймактык борборлору ж.б.); ·         Өнүктүрүү банктары; ·         Мамлекеттер аралык банк; ·         Евразия өнүктүрүү банкы; ·         Коомдук уюмдар, ишкерлер ассоциациялары жана союздары; ·         Илимий жана эксперттик чөйрөлөр, адистештирилген жождор; ·         Журналисттер – Биримдик өлкөлөрүнүн экономикалык тематика боюнча баяндамачылары.​