Жаңылыктар

30.09.2016

ЕЭКтин өнөр жай боюнча консультативдик комитетинин отуруму

Page Content30-сентябрда Сочиде Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорскийдин төрагалыгы алдында Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин отурум болуп өтөт. Отурумдун жүрүшүндө өнөр жай кооперациясынын жана субконтракциясынын Евразиялык тармагын түзүү, ошондой эле өнөр жай товарларына карата Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн жана Евразия экономикалык комиссиясынын ыктыярдуу макулдашуусу боюнча маселелер каралат.  Иш чаранын катышуучулары интеграциялык потенциалга ээ кооперациялык долбоорлорду каржылоо маселелери боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин жана Евразиялык өнүктүрүү банкынын өз ара иштешүү маселелери боюнча документтердин долбоорлорун талкуулашат. Мындан тышкары, Комитеттин күн тартибине Биримдиктин алкагында айыл чарба машиналарын курууну өнүктүрүүгө жана 2015-2016-жылдарга Биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууга тиешелүү тармактык өнөр жай кызматташтык маселелери киргизилген. Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдерди ЕАЭБ органдары аткаруусу жөнүндө тараптардын өкүлдөрүнүн маалыматтарын угушат.