Евразия Өкмөттөр аралык кеңеши 1-октябрда Ереванда өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин 2024-2026-жылдарга координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитти.
Жол картасы Евразия экономикалык комиссиясынын жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын негизги стратегиялык документинин – Транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын практикалык камсыздоо боюнча биргелешкен чараларын аныктайт.
Жол картасынын иш-чаралары транспорт чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерди ырааттуу тереңдетүүгө, тактап айтканда Бирликте бирдиктүү транспорт мейкиндигин жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун калыптандыруу максаттарына жетишүүгө багытталган.
Документти даярдоодо эксперттер заманбап шарттарда автомобиль, темир жол, аба жана суу транспортунун өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана аларды жөнгө салуунун жакындаштыруу мүмкүнчүлүгүн баалоого, ошондой эле транспорт ишмердигинин жалпы тармактык аспектилерине негизденишти.
Документке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарында "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттары боюнча транспорттук инфраструктуранын "тар жерлеринин" тизмесин түзүү жана аларды четтетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу сыяктуу маанилүү иш-чаралар кирди. Мындан тышкары, өлкөлөр ЕАЭБде электрондук транспорттук документтерди киргизүү, анын ичинде транспорт чөйрөсүндө кагаз түрүндөгү документтерди колдонуудан баш тартуу жана маалыматтарды электрондук алмашууга өтүү үчүн Бирликтин укугун жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүүнү пландаштырууда.
Жалпысынан документке өлкөлөр макулдашкан, 2024-2026-жылдары жүзөгө ашырылышы керек болгон иш-чаралардын 33 пункту киргизилген. Алар 2018-2020-жылдардагы жана 2021-2023-жылдардагы мурунку үч жылдык жол карталарынын логикалык уландысы болуп саналат.
Ошондой эле өкмөт башчылары Комиссияга жана тараптарга транспорттук интеграциянын бир катар маанилүү багыттары боюнча, атап айтканда аба транспорту жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү маселелери боюнча консультацияларды улантууну жана кошумча иштеп чыккандан кийин макулдашылган иш-чараларды Өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырышты.
Бул иш 2025-жылдын 1-февралына чейин өткөрүлүшү керек. Кошумча иш-чараларды иштеп чыгуу Өкмөттөр аралык кеңештин буйругу менен бекитилген 2024-2026-жылдарга жол картасын толук кандуу ишке ашырууну токтотпойт.