Жаңылыктар

19.07.2023

ЕАЭБ боюнча керектөө бааларынын индекси июнь айында 2023-жылдын майына салыштырмалуу 100,4%ды түздү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын июнь айында 2023-жылдын майына салыштырмалуу 100,4%ды, 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 103%ды түздү.

Декабрь айына салыштырмалуу акы төлөнүүчү кызматтарга баалардын олуттуу өсүшү (5,4%га) белгиленген. Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 2,6%га, азык түлүк эмес товарларга — 1,7%га жогорулаган.

Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (5,8%га), Кыргызстанда (4,3%га) жана Беларуста (3,1%га) катталган.

Азык-түлүк эмес товарларга баалардын кыйла жогорулашы Кыргызстанда (6,4%га) жана Казакстанда (5,1%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө - Кыргызстанда (5,8%га), Россияда (5,6%га) жана Беларуста (5,5%га) белгиленген.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.