II Евразия экономикалык форуму 24-25-майда Москвада болуп өтүп, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана байкоочу мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына арналды. Иш-чаралар 2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Россия Федерациясынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлдү. Форумдун девизи — "Евразия интеграциясы көп полярдуу дүйнөдө".
Ишкердик программа
Форумдун ишкердик программасы 35ке жакын сессияны камтыды. Негизги темалар — ЕАЭБдеги интеграциялык процесстердин эң актуалдуу жана талап кылынган маселелери, анын ичинде узак мөөнөттүү пландаштыруунун жаңы документтерин даярдоо жана 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилге интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктоо, ЕАЭБдин алыскы чет өлкөлөр менен кызматташтыгын өнүктүрүү, бажылык жөнгө салуу, ЕАЭБдин ички рыногунун келечеги, ошондой эле санариптик трансформация жана эл аралык эсептешүү механизмдерин өркүндөтүү болду.
Иш-чаралар жети тематикалык багыттарга бөлүндү:
"Адамдык капитал",
"Технологиялар жана кооперация",
"ЕАЭБ өзгөрүп жаткан дүйнөдө",
"Евразиялык айкалышуу",
"ЕАЭБдин ички рыногу: бажылык кызматташтык, атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар",
"Стратегиялык блок",
ЕАЭБ Ишкер кеңешинин блогу.
Ишкер программанын алкагында ошондой эле:
ЕАЭБ Ишкер кеңешинин Президиумунун отуруму,
"ЕАЭБ ички рыногу: чакырыктар жана өнүгүү перспективалары",
"Евразияда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр" СДА Ишкер эртең мененки тамагы,
"ЕАЭБ — Индонезия" бизнес-диалогу,
"ЕАЭБ — Индонезия" бизнес-диалогу эртең мененки тамагы,
"ЕАЭБ — Индонезия" тармактык долбоорлорунун презентациясы.
Пленардык отурум
II Евразия экономикалык форумунун негизги иш-чарасы — пленардык отурум. Иш-чарага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Армения Республикасынын Вице-Премьер-министри Мгер Григорян, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышты.
Иш-чаранын модератору "Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги" жалпы россиялык коомдук уюмунун президенти, президиумдун төрагасы – ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президенти Александр Шохин болду.
Мгер Григорян: "Биздин Бирликтин аймагы – дүйнөдө жаратылыш ресурстарына жана пайдалуу кендерге эң бай аймактардын бири. Бирок биздин эң баалуу байлыгыбыз — адамдар. Максаттарга жетүүнүн натыйжалуулугу жана биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз адамдардан жана алардын мотивациясынан көз каранды экени шексиз. Бардык формалдуу аныктамаларды эске алуу менен биздин интеграциянын негизги мааниси – бул Евразиянын башкы дарамети жана келечеги катары адамдык капиталды өнүктүрүү".
Александр Лукашенко: "Акыркы убакта дүйнө туруктуу чыңалуу жана белгисиздик шартында жашап жатат. Экстраординардык шарттарда күчтүү казык болуп дайыма туруктуу экономика эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттин экономикалык чек аралары ушунчалык айкын, ал эми соода тармактары ушунчалык деңгээлде чырмалышкан болгондуктан, экономикалык туруктуулукка жалгыз жетишүү — бир да мамлекет үчүн дээрлик аткарылбас маселе. Ошондуктан ар бир өлкө мисалы, ЕАЭБ, ШКУ, БРИКС, АСЕАН сыяктуу күчтүү регионалдык жана эл аралык бирикмелерге катышууга кызыкдар".
Касым-Жомарт Токаев: "Өткөн жылдагы окуялар жаңы глобалдык логистиканын негизги элементи катары "Түндүк ‒ Түштүк" транспорттук коридорун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн кайрадан айкын көрсөттү. Бул меридионалдык коридор кеңдиктик Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы менен макулдашылат. Ошондуктан, биз эки каттамдын координацияланган жана системалуу өнүгүүсүндө олуттуу синергияны көрүп турабыз. Бул өнөр жай, транспорт жана экономика үчүн гана өсүү чекити эмес. Бул каттамдар абдан чоң Евразиянын ичинде өз ара аракеттенүүнүн жана кооперациянын деңгээлин түп тамырынан өзгөртүүгө жөндөмдүү. <...> Жалпысынан алганда, биз азыр Евразиянын буга чейин болуп көрбөгөн жаңы транспорттук каркасын калыптандырып жатабыз десек аша чапкандык болбойт.
Садыр Жапаров: "Мамлекет тарабынан бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана аларды колдоо ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Бул жагынан алып караганда Бирликте бизнес-омбудсмен институтун түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселесин иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм. <…> Ишкердик субъекттери туш болгон чектөөлөрдү четтетүү менен катар евразиялык рейтинг агенттигин түзүү евразия регионунун өлкөлөрүнүн каржылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатууга жана инвестициялык ишмердикти күчөтүүгө мүмкүндүк бермек".
Владимир Путин: "Биз глобалдык аренада чынында терең, фундаменталдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүп турабыз. Барган сайын көбүрөөк мамлекеттер улуттук суверенитетти бекемдөөгө, өз алдынча, көз карандысыз ички жана тышкы саясатты жүргүзүүгө, өнүгүүнүн өздүк моделин карманууга багыт алууда. Алардын баары эл аралык экономикалык мамилелердин жаңы, кыйла адилеттүү архитектурасын курууну жакташат, дүйнөлүк процесстерге конструктивдүү таасир этүүгө, бири-биринин кызыкчылыгын урматтоого жана эске алууга негизделген өнөктөштүк байланыштардын тармагын кеңейтүүгө умтулушат".
Михаил Мясникович: "Келечекте өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп инвестициялык ишмердик эсептелет. Импортту алмаштыруунун жалпы бирликтик программасы керек. Технологиялык суверенитет электрониканы, станок курууну, дары өндүрүүнү, химиялык жана биологиялык ишканаларды, жогорку технологияларды түзүү боюнча масштабдуу маселелерди чечүүнү болжойт. Бул максаттарда каржылоо булактарын жана мотивациялык механизмдерди аныктоо зарыл".
Катышуучулар
Форумдун ишине Россиядан жана 59 өлкө жана аймактардан 2700дөн ашык катышуучулар жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.
Жогорку кызматтагы расмий адамдардын арасында Форумдун ишине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин; Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко; Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев; Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Иш-чарага ошондой эле Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян; Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын Биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Орун басары Алексей Оверчук катышты.
Форумга тогуз министр катышты, алардын арасында:
Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгинов, Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев; Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев; Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев; Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев; Кыргызстандын юстиция министри Аяз Баетов; Никарагуанын финансы жана мамлекеттик насыялар министри Иван Адольфо Акоста Монтальван; Беларусь Республикасынын экономика министри Александр Червяков; Беларусь Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министри Ирина Костевич; Беларусь Республикасынын энергетика министри Виктор Каранкевич; Беларусь Республикасынын билим берүү министри Андрей Иванец.
Форумга эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин башчылары катышты, алардын ичинде:
Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Мин Чжан; Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Төрайымы Эрна Айриян; Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Жооптуу катчысы Сергей Поспелов; КМШнын Электр энергетика Кеңешинин Аткаруу комитетинин Төрагасы Тарас Купчиков; Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин Башкы катчысы Сергей Лебедев; Бирлик мамлекетинин Туруктуу комитетинин Мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев.
Биздин Америка элдери үчүн Боливариан альянсынын Аткаруучу катчысы Феликс Рамон Пласенсия Гонсалес сессиянын алкагында видео кайрылуу менен чыгып сүйлөштү.
Аянтчада ошондой эле 13 дипломатиялык корпустун башчылары келишти.
Форумга Индонезиядан көп сандагы делегация катышты, жогорку кызматтагы расмий адамдардын арасында аянтчага Индонезиянын энергетика жана минералдык ресурстар министринин энергетикага өтүүнү тездетүү стратегиясы жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча атайын кеңешчиси Эго Сяхриал; Индонезиянын Россиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хосе Антонио Морато Тавареш; Минахаса (Индонезия) Өкмөтүнүн Регенти Ройке Октавиан Роринг; Түндүк Сулавеси (Индонезия) провинциясынын губернатору Олли Дондокамбей; Манадо (Индонезия) шаарынын мэри Андрей Ангоу катышышты.
Иш-чаранын аянтчасын бардыгы болуп 38 өлкөдөн жана аймактардан келген чет элдик расмий делегациялардын өкүлдөрү келишти.
Форумга 400гө жакын компаниянын 550дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты.
ЕЭФ-2023 өнөктөш-өлкөсү
Форумдун өнөктөш-өлкөсү Индонезия Республикасы болду. ЕЭФ-2023 алкагында бул өлкөнүн бийлик органдарынын жана ишкерлер коомдоштугунун өкүлдөрү менен бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. "ЕАЭБ — Индонезия" бизнес-диалогунун катышуучулары кызматташтыкты тереңдетүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди карап чыгышты, туруктуу инфраструктураны түзүү, ошондой эле жеткирүү чынжырларын өстүрүү, санариптик демилгелерди өнүктүрүү жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды четтетүү маселелерин талкуулашты. Бизнес-диалог бизнес-эртең мененки тамак жана В2В-иш-чаралар — нетворкинг-сессия жана компаниялардын эки тараптуу жолугушуулары форматында улантылды.
"Жашыл Евразия" эл аралык климаттык конкурсу
Форумдун алкагында "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өткөрүлдү. Конкурс Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте "Жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча стратегиялык агенттик" АКэУ тарабынан «Таза энергия жана энергиянын натыйжалуулугу», «Таза өнөр жай», «Туруктуу айыл чарба», «Төмөн көмүртектүү транспорт», «Жашыл курулуш», «Жашыл каржылоо», «Калдыктарды натыйжалуу башкаруу», «Экологиялык маданият жана климаттын күн тартибине калкты тартуу», «Айлана-чөйрөгө жана климатка көз салуу» жана «Аз көмүртектүү өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясат» сыяктуу он номинация боюнча өткөрүлгөн. Конкурстун алкагында сунушталган долбоорлор профессионалдык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ тарабынан бааланды.
Сыйлоого Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко катышты.
Макулдашуулар
Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңеши жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши кызматташуу программасына кол коюшту.
Россиянын ТИМинин ММЭМИ, Беларус мамлекеттик университети, Беларус мамлекеттик экономикалык университети, Кыргыз Республикасынын ТИМинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Ереван мамлекеттик университети Евразиялык интеграция жаатындагы консорциум жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Маалыматтык өнөктөштөр
Маалыматтык өнөктөштөр катары 31 ЖМК чыгышты.
Армения: Armenpress, АрмИнфо, «NovostiNK» тармактык басылмасы, «Ноев Ковчег» газетасы
Беларусь: БЕЛТА, «ПраймПресс»
Казахстан: «DKNews», «Казинформ» ЭМА, «24KZ» телеканалы
Кыргызстан: ЭлТР телекомпаниясы, Акчабар, «АиФ-Кыргызстан» газетасы, «Комсомольская правда» Кыргыстан БҮ, «News-Asia» Борбор Азиялык маалыматтык порталы, «Кабар» КУМА, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
Россия: ТАСС, «Новости» РМА, Федерал пресс, Интерфакс, TV BRICS, NEWS.ru, «Парламентская газета», «Мир», «Российская газета», ИД «Комсомольская правда», «Лента.ru», «Газета.ru», «Секрет фирмы»
Иран: IranPress
Мир: Sputnik
Форумдун оператору
Форумдун оператору Росконгресс фонду – социалдык багыттагы финансылык эмес өнүктүрүү институту, эл аралык, конгресстик, көргөзмө жана коомдук иш-чаралардын ири уюштуруучусу болду.