Жаңылыктар

23.08.2022 (Обновлено: 29.08.2022 10:25)

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде 2023-жылда эттин айрым түрлөрүн жана сүттүн сары суусун алып келүүгө тарифтик квоталарды белгиледи

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 23-августта эт продукциясынын бир катар түрлөрүнө жана сүттүн сары суусуна 2023-жылга карата тарифтик квоталарды белгилөө жана бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алды.

"Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык, ЕЭК үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылган жана ЕАЭБдин бажы аймагына алынып келинген айыл чарба товарларынын айрым категорияларына карата тарифтик квоталарды белгилейт, мында алардын мүчө мамлекеттердеги керектөө жана өндүрүш баланстары, ошондой эле өлкөлөрдүн Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелери эске алынат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Наталия Самойлова эске салып өттү.

Болжолдоого ылайык, үстүбүздөгү жылда продукциянын өндүрүш жана керектөө көлөмдөрүнүн ортосунда төмөнкү өлчөмдөрдөгү терс айырманын болушу күтүлүүдө: ири мүйүздүү малдын эти үчүн 177,3 миң тонна өлчөмүндө, чочко эти – 62,3 миң тонна, канаттуулардын эти – 242,2 миң тонна жана сүттүн сары суусу – 14,6 миң тонна.

Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы үчүн 2023-жылга карата тарифтик квоталар мамлекеттердин БСУга кирүүсү боюнча протоколдордо белгиленген өлчөмдө белгиленет. Армения Республикасы, Беларусь Республикасы жана Кыргыз Республикасы үчүн тарифтик квоталар тараптар сураган көлөмдөрдү эске алуу менен, өндүрүш менен керектөөнүн ортосундагы айырманын чегинде аныкталат.

Алсак, ири мүйүздүү малдын эти боюнча квоталар Армения Республикасы үчүн – 11,3 миң тоннаны, Казакстан Республикасы үчүн – 21 миң тоннаны, Кыргыз Республикасы үчүн – 5 миң тоннаны жана Россия Федерациясы үчүн – 570 миң тоннаны түзмөкчү. Чочко эти үчүн квоталар төмөнкүдөй көлөмдөрдө бөлүштүрүлөт: Армения Республикасы үчүн 7,5 миң тонна, Беларусь Республикасы үчүн 20 миң тонна жана Кыргыз Республикасы үчүн 3 миң тонна.

Эт жана канаттуулардын эти боюнча квоталар Армения Республикасы үчүн – 39,1 миң тоннаны, Беларусь Республикасы үчүн – 10,9 миң тоннаны, Казакстан Республикасы үчүн – 140 миң тоннаны, Кыргыз Республикасы үчүн – 58 миң тоннаны жана Россия Федерациясы үчүн – 364 миң тоннаны түзөт.

Сүттүн сары суусун алып келүүгө квота Армения Республикасы үчүн 1,2 миң тонна өлчөмүндө жана Россия Федерациясы үчүн 15 миң тонна өлчөмүндө белгиленген.