Жаңылыктар

27.09.2023 (Обновлено: 02.10.2023 10:20)

Комиссия Коллегиянын айрым чечимдеринин күчүнө кирүү мөөнөтүн өзгөрттү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 27-сентябрдагы кезексиз отурумунда Коллегиянын бир катар чечимдеринин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2023-жылдын 1-октябрынан 2024-жылдын 1-апрелине өзгөрттү.


Мындай чечим Комиссиянын Кеңешинин тапшырмасына ылайык кабыл алынган жана транзиттик декларацияны, товарларга декларацияны толтурууга, ошондой эле айрым бажы документтеринин түзүмдөрүн жана форматтарын колдонууга тиешелүү бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салат.

Мөөнөттөрдү жылдыруу маалымат тутумдарын толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы жана бизнес үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди, анын ичинде 2023-жылдын 1-октябрынан баштап бажы операцияларын жүргүзүүдөгү кечигүүлөрдү четтетүү менен байланыштуу.