Жаңылыктар

27.10.2023 (Обновлено: 31.10.2023 12:54)

ЕЭКтин атаандаштык блогу бизнес өкүлдөрүн ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө сурамжылоону өткөрүүдө

Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрүнүн арасында интеграциялык бирикмеде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн трансчек аралык рынокторундагы абалды жана атаандаштыкты өнүктүрүү жөнүндө сурамжылоо жүргүзүүдө.

Сурамжылоо Бирликтин трансчек аралык рынокторунда атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылууга Комиссиянын ишмердигинин таасирин баалоо максатында жүргүзүлөт.

Ишкерлерди сурамжылоого катышууга чакырабыз.