Жаңылыктар

25.11.2022 (Обновлено: 02.12.2022 09:48)

Максат Мамытканов электрондук сооданы өнүктүрүүгө арналган конференцияга катышты

Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматтык боюнча министри Максат Мамытканов Евразия экономикалык бирлигинде электрондук сооданы өнүктүрүүгө жана контрафактка каршы аракеттенүүгө арналган "Электрондук соода товарларынын бирдиктүү рыногу: ЕАЭБ күн тартибинде маркетплейстер" илимий-практикалык конференциясына катышты.


ЕЭК министри Комиссиянын Бирликте чек ара аралык электрондук сооданы жөнгө салуу боюнча негизги демилгелери жөнүндө айтып берди. Конференциянын катышуучулары ЕЭКтин Бирликтин укуктарын жаңыртуу, анын ичинде ЕАЭБ Бажы кодексин өркүндөтүү боюнча, ошондой эле мүчө мамлекеттерде электрондук соода институтун өнүктүрүү боюнча эксперименттерди жүзөгө ашыруу боюнча иштеринин натыйжалары менен таанышышты.

"Сооданы өнүктүрүү маалымат алмашуу жолу менен эл аралык бажы коомдоштугунун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүнү, бажы жол-жоболорун көзөмөлдөө жана жөнөкөйлөтүү механизмдерин өз ара таанууну талап кылат", - деп белгиледи Максат Мамытканов.
Анын пикири боюнча, электрондук соода институту бүткүл дүйнө жүзү боюнча керектөөчүлөр менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы "көпүрө" болуп саналат жана азыркы учурда бул келечектүү долбоордун алкагында бажы менен бизнестин ортосундагы диалогду бекемдөөнү камсыз кылган ийкемдүү укуктук негизди түзүү зарыл.

Маалымат

Азыркы учурда ЕАЭБ мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан эксперименттердин жүрүшүндө Бирликтин учурдагы укуктарын эске алуу менен жаңы укуктук мамилелер иштелип чыгууда. Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 тескемесине ылайык, Бирликтин ченемдик базасын түзүү менен катар мүчө мамлекеттерде 2021-жылдын 1-июлунан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин пилоттук долбоорлор (эксперименттер) өткөрүлгөн. Бул иш-аракеттер менен катар Комиссия тарабынан Бирликтин бир катар актылары кабыл алынган, алар экспериментти ишке ашыруу үчүн укуктук негиз түзөт.