Жаңылыктар

03.02.2023

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБде туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарды жактырды

3-февралда Алматыда өткөн Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө баяндаманы сунуштады.

Баяндамада дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн учурдагы тенденциялары, ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн динамикасы жана перспективалары жөнүндө маалымат камтылган, өсүш үчүн тоскоолдуктар талданган жана Бирлик өлкөлөрүнүн экономикаларын өнүктүрүүнү колдоонун принциптери жана критерийлери сунушталган.

Евразия экономикалык комиссиясынын баалоосу боюнча, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин жалпы ИДПсы 1,9%га кыскарат, рецессия коркунучу 2023-жылы да сакталат. Ошол эле учурда экономиканын өнөр жай жана айыл чарба продукцияларын чыгаруу, курулуш иштеринин көлөмү, негизги капиталга инвестициялар сыяктуу негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалат, ошондой эле эмгек рыногунда жигердүүлүк сакталат.

"Экономикалык өсүштүн темпин жогорулатуу үчүн ЕАЭБ мүчө мамлекеттери илимий-техникалык өнүгүүгө, өндүрүштү модернизациялоого, өндүрүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатууга салымдарды өбөлгөлөө боюнча чараларды көрүшү керек. ЕАЭБде болгон экономикалык, өндүрүштүк жана илимий-техникалык потенциалды пайдалануу ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын ички туруктуулугун сактоо менен ЕАЭБдин жалпы ИДПсынын жылдык өсүшүнүн 4,5 – 5,5% траекториясына чыгууну камсыздоого мүмкүндүк берет, бул келечекте экономикалык өнүгүү деңгээли боюнча мүчө мамлекеттердин жакындашуусу үчүн шарттарды түзөт",- деп белгиленет баяндамада.
Комиссиянын талдоосу көрсөткөндөй, көпчүлүк өлкөлөрдүн жана интеграциялык бирикмелердин ийгиликтүү тажрыйбасы жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү боюнча жигердүү мамлекеттик саясат, регионалдык жана глобалдык өндүрүштүк-сатуу чынжырларына жаңы өндүрүштөрдү киргизүү, чыгарылуучу продукциянын экономикалык татаалдыгын жогорулатуу, ошондой эле экономикалык өсүштү каржылоо механизмдерин жана инструменттерин кеңейтүү сыяктуу факторлорго негизделген.

Баяндама Комиссиянын сайтында жарыяланат.