Жаңылыктар

25.02.2022 (Обновлено: 21.03.2022 12:33)

Өкмөттөр аралык кеңеш Өзбекстандын ЕАЭБдин айрым долбоорлору боюнча иште катышуусун колдоду

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Өзбекстан Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин өз ара кызыкчылыкка ээ болгон багыттар боюнча ишинде катышууну кеңейтүү жөнүндө демилгесин колдоду. Евразия экономикалык комиссиясына Бирликтин өлкөлөрү менен биргеликте ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттер менен айрым долбоорлор боюнча өз ара аракеттенүүнүн форматын жана алгоритмин сыпаттаган тартипти иштеп чыгуу тапшырылды.

"Өзбекстан төрт багыт боюнча иште катышууга кызыкдарлыгын билдирди: климаттык күн тартиби, темир жол менен жүк ташууларды санариптештирүү, электрондук соода, "Евразиялык агроэкспресс" долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча", – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв.
Ошондой эле, ал Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2021-жылдын 14-октябрындагы жана 10-декабрындагы отурумдарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев өз ара сооданы көбөйтүү максатында кызматташтыкты активдештирүүнү сунуш кылгандыгын эске салып өттү.

Маалымат

ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу Өзбекстан Республикасына Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 14 чечими менен ыйгарылган.

Алсак, 2016–2021-жылдарда Өзбекстандын Бирликтин мүчө мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү 2,5 эседен көп өскөн – 4,5 млрд доллардан 11,6 млрд долларга чейин.