Жолугушууда ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери, анын ичинде артыкчылыктуу өнөктөштөр – Иран, Египет жана Индия менен эркин соода аймактарын түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошондой эле Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү талкууланды.
Тараптар бир катар аймактык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ менен кызматташуунун аспектилерин өзүнчө сүйлөшүштү.