Жаңылыктар

01.07.2022 (Обновлено: 12.07.2022 14:09)

Михаил Мясникович Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону 3-июлда майрамдалуучу Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Бүгүнкү күндө Беларусь Республикасы – социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкен, калыптанган эгемен демократиялык мамлекет, – деп айтылат куттуктоо катында. – Эгемендүүлүк күнү – бул Беларустун суверенитетинин, белорус элинин улуттук сыймыгынын, өзүнүн эркиндигин жана тынч жашоого укугун коргоп калган теңдеши жок эрдигинин жана баатырдыгынын символу"

ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, эмгекчилдик, жоопкерчилик сезими жана жогорку адептүүлүк принциптери – белорустарга бардык убактарда күчтүү улут бойдон калууга жана өзүнүн Мекенин бекемдөөгө жана гүлдөтүүгө карай жолдогу кандай болбосун кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берип келген сапаттар.
Михаил Мясникович Александр Лукашенкого чың ден соолук, бакубатчылык жана анын мамлекеттик ишмердигинде андан аркы ийгиликтерди, ал эми Беларуска – ар дайым күчтүү жана гүлдөп-өскөн мамлекет болууну каалады.