19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги отуруму болуп өттү.
Комиссиянын жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин эксперттери Комиссиянын ЕАЭБдин Бажы кодексине даярдалып жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу электрондук соода товарларына декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин аныктаган жаңы ченемдик актысын иштеп чыгуудагы ык-амалдарды талкуулоону улантышты.
Отурумдун жүрүшүндө декларацияда жалпы маалыматтарды, ошондой эле электрондук соода товарлары жөнүндө айрым маалыматтарды көрсөтүү маселелери талкууланды. Мындай ыкмалар Комиссиянын Бирликте тышкы электрондук соода жаатындагы пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чечимдерин практикалык колдонууну эске алуу менен иштелип чыгууда.
Маалымат
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 10 чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) бекитилген.
Жол картасынын 2-пунктуна ылайык, Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте Бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорунда каралган компетенциянын негизинде, Комиссиянын электрондук соода товарларына декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин аныктаган актысын даярдашы керек (тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу жагында).
Комиссия Коллегиясынын 2021-жылдын 3-августундагы № 93 жана № 94 чечимдери менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (экспериментти) өткөрүүнү камсыздоо максатында экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрү аныкталган.