Жаңылыктар

24.03.2023

Николай Рогожник Федерация Кеңешинде ЕАЭБде импортту алмаштырууну өнүктүрүү боюнча планды сунуштады

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун Федерация Кеңешинин жана Беларусь Республикасынын Улуттук чогулушунун Республика Кеңешинин Парламенттер аралык комиссиясынын отурумуна катышып, анда талкуунун негизги темасы өнөр жайында импортту алмаштыруу маселеси болду.

Николай Рогожник Евразия экономикалык бирлигинде кооперацияны жана импортту алмаштырууну колдоо механизмдерин жана инструменттерин иштеп чыгуу, ошондой эле ЕЭК аянтчасында иштеп жаткан өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча Комиссиянын ишинин алкагында кооперациялык импортту алмаштыруучу өндүрүштүк тизмектерди түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө айтып берди.

Ведомстволор аралык жумушчу органдын ишмердигинин алкагында ЕАЭБди индустриалдаштыруу картасын толтуруу жана актуалдаштыруу боюнча иштер улантылууда. Бул маалыматтык ресурс 25 тармакта 270 млрд АКШ долларынан ашык жалпы суммада 158 долбоорду камтыйт. Мындан тышкары ЕАЭБ индустриалдаштыруу картасында авиациялык, автомобилдик, жеңил, металлургиялык, станок-инструменттик, фармацевтикалык, медициналык, химиялык, радиоэлектрондук өнөр жай тармактары көрсөтүлгөн.

"Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өнөр жайда импортту алмаштыруу боюнча иштер тармактар боюнча да жүргүзүлүүдө, – деди ЕЭК өкүлү. — Бул үчүн профилдик эксперттик топтор түзүлгөн, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык кызматташтыкка даяр ишканаларынын тармактык тизмектери калыптандырылган жана Бирликтин сайтында жайгаштырылган, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын темир жол машина куруу, кеме куруу, жарандык авиация, микроэлектроника, металлургия жана башка бир катар өнөр жай кызматташтыгы жөнүндө сунуштамалары кабыл алынган".

Мындан тышкары, евразиялык өндүрүүчүлөрдүн кооперациялык долбоорлорун колдоо үчүн Комиссия каржылоонун улуттан жогорку механизмдерин иштеп чыгууда.

Бирликтин мамлекет башчылары тарабынан колдоого алынган жаңы механизмде, өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлор үчүн финансылык уюмдар тарабынан ишканаларга берилген насыялар жана зайымдар боюнча пайыздык чендердин бир бөлүгүн субсидиялоо каралган. Мындай каржылоо 2024-жылдан тарта башталары пландаштырылууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, субсидиялоо жыл сайын 20-26 млн АКШ долларына жакын суммада кооперациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

"ЕАЭБ алкагында Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн компетенцияларын пайдалануу менен кооперациялык долбоорлорду түзүү маанилүү, – деп белгиледи Николай Рогожник. – Оң мисалдардын бири — Евразиялык бешилтиктин бардык өлкөлөрүнүн биргелешип ишке ашырылышына багыт алуу менен Беларусь тарабынан сунушталган "Евразия электробусу" өнөр жай долбоорун иштеп чыгуу". 


Маалымат

ЕАЭБ алкагында өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарындагы кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча Комиссия – Бирлик өлкөлөрүнүн министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде түзүлгөн жана ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын төрагалыгы астында иштеген ведомстволор аралык жумушчу орган.